www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалган жалаа менен абакта отурган Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов алдыда боло турган сот тууралуу билдирүү таратты. Анын айтымында, экс-депутаттын кезектеги сот отуруму (19-августта, саат 11:30да) Чүй облусттук сотунда уланат.
“19-августта, сот ишти мыйзам чегинде карап, туура чечим кабыл алса, анда Садыр Жапаров ошол күнү чыгышы керек. Сотко келсеңиздер, Кыргызстанда бир эле мыйзам ар бир соттолуучуга ар башкача иштеп жатканына 100 пайыз күбө болосуздар. Ошол жерден башкаларга иштеген мыйзам жалгыз Садыр Жапаровго иштебей жатканын толук далилдери менен кагаз жүзүндө сотко жана сиздерге берем”, - дейт Шарабидин Токтосунов.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып тагылган. Ошонун негизинде 2017-жылдын март айында, Атамбаевдин бийлигинин тушунда, Кыргызстанга кайтып келатканда, чек арадан кармалып, УКМКга күч менен алынып кеткен. 2018-жылы соту болуп, 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл, жазында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган. ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөөрүн, эгер ага мунапыс берилсе, анда абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.
Булак: NazarNews.kg