www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ой чабыт:  Өнүгүүнүн кыргыз жолуна түшөлү

1.ЭЛДИН  БИРИМДИГИ: Кыргыздар – илгертен эле мам­лекет, каганат курган, кең пейил, айкөл, адилеттикти сүйгөн,  сабырдуу, меймандос, жоокер мүнөз эл. Азыркы Кыргызстандын аймагы жер шарынын чок ортосунан орун алып, канча ирет топон суу каптаса да Жараткандын буйругу менен аман калып, жашоо турмуштун уланышына уютку болуп келген. Кыргызстан – чынында эле Батыш-Чыгыш цивилизациясынын тогошкон жери. Ар кайсы маданий баалуулуктардын ийкем айкалышкан куттуу жайы.

“Ырыс алды – ынтымак”; “Улууга урмат- кичүүгө ызат”,  “Бир жеңден кол, бир жакадан баш”; “Элиң менен бийиксиң”; “Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок”-деген накыл кептеринде айтылгандай жеке адамга караганда, элдүүлүктүн жолун бийик карманып келе жатканыбыз чоң олжо.  Эгемендик – эл бактысы. Салттуулукту жана мыйзамдуулукту тең карманалы. Ач көздүктүн жолунан кетип, ата бабалардан келе жаткан айкөлдүктүн жолуна чыгалы.  Бакыбаттуулук – эмгекке жараша,

Сыйлашуудан ынтымак, биримдик жаралып, мекенчилдик сезим өөрчүйт. КРда кыр­гыздар менен кошо орус, казак,  дунган, өзбек, уйгур, корей, татар жана башка этнос­тор биригишип, Кыргызстандын элин түзү­шөт. Алар Кыргыз мамлекетинин жараны болуу менен «бул менин өлкөм, менин Ата журтум» – деп анын ысык-суугуна күйүп, сыймыктанып, бала-бакырамдын келечеги, бак-таалайы ушул жер, ушул эл менен байланыштуу деп кабыл алып, ушул өлкөнүн туусу, герби, гимни жана деми менен жашайм деген мекенчил сезим ар бир жарандын жү­рөгүнөн түнөк тапканда дүркүрөгөн өсүү камсыз болот жана  кыргыздар менен биргеликте Кыргызстанда жашаган башка улуттар да бактылуу өмүр кечирет.

Доор талабын түшүнүп, кепке келели. Улуу муундун бай тажырыйбасын, орто муундун жүк көтөрөр ар тараптуу кубатын, жаш муундун жалындуу жигерин түзүүчүлүк, өнүп-өсүүчүлүк багытка буралы! Улуттук ар намыстын, улуттук духтун сакталышы- Элдин кебелбес түбөлүктүүлүгүн аныктайт. Манас күчү-биригүү!

2.МЕКЕН-ЖЕРДИН  БҮТҮНДҮГҮ: “Эл менен жер киндиктеш”, “Туулган жердин топурагы – алтын!”; Чек ара бекемдиги – бүтүндүк белгиси. Мекениң – эч нерсеге алмашкыс дөөлөт. Ата журттун бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактайлы! Кыргыздар бир гана Кыргызстанда улут катары тукум улап өнүгүүгө; өрнөктүү, дөөлөттүү, ооматтуу элге айланууга шарты бар экендигин унутпайлы!

Улуттук менталитетибизде меймандостук, кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, башкаларга жардамдашкан боордоштук касиетибиз жакшы өнүккөн. Биз дүйнө элдери менен канатташ, жанаша жашоо принцибин кармануу менен бирге, кызматташууда эшик-терезелерибизди  ачык калтырып, бирок да төрүбүздү ээлеп алганга, жер-суу байлыктарыбызды талап –тоногонго, тукумубузду булгаганга  жол бербешибиз керек.

3.МАМЛЕКЕТТИН КУБАТТУУЛУГУ: Элге таянган бийлик гана мамлекеттүүлүктү чыңдай алат. Эл болсо анан  мамлекет болот. Эгемендиктин  жана бийликтин бирден бир ээси эл. Эл бийлиги -элге! Эл байлыгы-элге! Коомдо руханий-экономикалык баалуулуктардын тең салмактуулугун сактоо – туура өнүгүүгө өбөлгө.  Бийлик эл көзөмөлүндө болсо, адилеттүүлүк орноп, өнүгүү ырааттуу жолго түшөт. Бийлик күчү – эл ишениминде. Эл бийлиги-Элдик Курултай аркылуу ишке ашырылат. “Кан бийлигинен нарк күчтүү”. Мамлекет мыйзам уйуткусу. Мыйзам сыйлаган коомдо гана башкаруу адилет болот. Мамлекеттин табиятында –­­ каар жана мээрим бирдей. Мыйзам – бул абийир, акыл-эс, адеп-ахлак жана жашоо эрежеси,  мамлекеттүүлүк жөрөлгөсү. Үй-бүлө – кичи мамлекет жана инсанат бешиги. Аксакалдар көч башында, Аялдар  үйдүн куту. Кыргыз кызы – ыйык жана кол тийгис! Жарандардын мекенчил сезими, жигиттик намыс – мамлекеттин кубаттуулугунун көрсөткүчү. Экономика, саясат жана руханият шайкештикте жүргөн жерде, коом тазарат, тең салмактуу өнүгүү болот. Бийлик менен байлык эл кызыкчылыгына иштегенде мамлекет кубаттанат, өлкө өнүгүүнүн  даңгыр жолуна чыгат.

4.КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ӨЗҮН-ӨЗҮ ТААНУУСУ: Дүйнөлүк шедевр, мухиттей чалкыган энциклопедиялык улуу «Манас» эпосунан тартып, терең дүйнөтааным философиясында, каада салттында, кенже эпос-жомоктордо, жандуу санжыраларда, керемет эне тилинде, 15 миңден ашкан макал-лакаптарда, укмуштуудай кооз оймо-чиймелерде, боз үйдүн түзүлүшүндө, миңдеген комуз күүлөрүндө кыргыздын бүтүндөй тарыхы да, тагдыры да, таалим-тарбиясы сиңирилип, элдин эстутум казынасында бекем сакталган.

Өзүбүздүн рух башатыбыз, тарыхый баалуулуктарыбыз ошол көркөм дүйнөбүздө катылган. Алардын башкаруучулук, таалим-тарбиялык, маданияттык, философиялык наркына эч нерсе тең келе албайт. Булардын баары заманбап илимий баалуулуктар менен бир бүтүндүктө айкалышып кыргыз коомун түп-тамырынан бери кайра өзгөртүүгө руханий булак, жолубузга шам чырак болуп берерине шек жок.Улуттук өзөк гана өнүгүүгө өрнөк болуп бере алат. Улуттун өзгөчөлүгүнө (национальная самоидентификация) таянуу менен өнүгүү – мамлекеттин келечектүүлүгүн аныктайт.

Кыргыз өз тегин жана дөөлөт-мурастарын таануу аркылуу күчүнө кирет. Өзүн-өзү улут катары таанып, өнүгүү багытын илимге негиздеп, руханий баалуулуктарга таянып жүргүзгөндө гана кыргыз эли дүйнөлөшүүнүн сыноосунан  кыйгап өтүп, чоң мамлекеттердин үстөмдүгүнөн өзүн коргойт жана  коопсуздугун камсыздайт. Көөнө тарыхы бар кыргыз эли, дүйнө цивилизациясына жана руханий маданиятына кошкон салымы менен татыктуу орунга ээ.

5.ДИЛ БИРИМДИГИ: Жараткандын табихый мыйзамына ылайык жашап, анын мээримине балкып, бир тилекти, уңгу ишенимди карманып, бир туунун астында, Кыргыз элинин Улуттук тилектешттик кубат-дарманын күчөтөлү! Коомдогу сый-урмат—улуттар аралык ынтымакты жаратат. Ак Дил менен адал жашоо  – Ойдун, Сөздүн жана Иштин кыймылын түздөйт; айкөлдүккө, аруулукка багыттайт. Демек, улуттук Дилбагыт  элибиздин жалпы биримдикке умтулуу агымын бир нукка салат жана  улуу максаттарга  жетүүгө дем берип, шыктандырат. Кыргыз элинин ар тараптуу биримдик күчү, ооматы, куту жана унутулуп кеткен билим, касиеттери кайра ордуна келет жана күчөйт.”Кеңге кең, тарга тар дүнүйө”. Дили таза кыргыз пейилине аалам батат.

6.ЖАРАТЫЛЫШКА ШАЙКЕШТИК: Адам жана жаратылыш бөлүп алгыс бир аалам! Тегинен табият менен тамырлаш жашаган кыргыз эли Жараткандын керемети-отту, сууну, абаны, жерди, өзүнөн бөлүп карабай, жандуу кабыл алып, алар менен бир бүтүндүктө өмүр сүрүп келген. Табият – жарык жашоо үлгүсү, өмүр булагы жана нурлуу акыл-эс уйуткусу. Жаратылыш мыйзамын аярлык менен тутунуу – парз. Адам – Ааламдын кичи кейипкери. Туура жашоо – табият мыйзамын сыйлоо деген сөз. Табиятка жасаган мамиле жана анын сулуулугун баалай билүү – адамдын билиминин жана руханий деңгээлинин көрсөткүчү. Экономикалык өнүгүү багытындагы өндүрүштүк кызыкчылыктар экологиялык талаптарга шайкеш келиши шарт.

7.ДҮЙНӨЛҮК ӨНҮГҮҮ МЕНЕН БИРГЕ БҮТҮНДӨЛҮҮ: Азыр бүткүл дүйнө бүтүндөлүү арымына кирди. Ушул дүйнөнүн өнүгүүсүнөн сырт калууга мүмкүн эмес.      Дүйнө элин түпкүрдөн  өзгөртүүгө дуушар кылып жаткан заманды туура кабылдап, аны менен шайкеш бүтүндөлүү жолун жаңылбастан тандап алуу абзел. Дүйнөлөшүүнүн күңгөй-тескейин талдоо, башкалардын бизге керектүү илимий-техникалык  ж.б жетишкендиктерин ийкем пайдалануу -өнүгүүгө өбөлгө болмокчу. “Кемеге түшкөндүн жаны бирге”- демек, жакшылыкта да, жамандыкта да эч ким четте кала албайт.  Жер соорасы (планетасы) жана анда жашаган адамзат бир бүтүндүккө багыт алды. Ааламдык өнүгүүнүн агымы менен жарык дүйнө элдери бирдей өнүгүү мыйзамына туш болууда. Бул кең түшүнүктөгү илим-билимге умтулуу, руханияттын жаңы сересине көтөрүлүү, сергек жашоо мыйзамы коштогон жалпы адамзаттык – биригүү, бүтүндөлүүагымы. Кыргыз эли да, ошол табигый агымга кошулууда жана өзүн дүйнөгө таанытуу менен, жаңы доордун суроо-талаптарын өзүнө сиңирүүгө көкүрөгүн ачты. Кыргыз түпбашаттан келе жаткан өзүнүн нарктуу жолуна түшкөндө, дүйнө эли бизди түшүнүнүп, баркыбыз менен кабылдайт.

Булак: "демилге.кж"

Последние новости