www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актер, режиссер Азамат Арыков Айт майрамында өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасынан кыргыз элин майрамы менен куттуктап, буга чейин тарткан видеотасмасына түшкөн сындарга жооп берди.

“Урматтуу туугандар, айтыңыздар маарек болсун! Ар бир үй-бүлөгө аллах ыйман хидаят, ден соолук бактылуулук берсин! Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун. Мындан 4 күн мурун "Чоң казатка" Сыймык Жапыкеев байкеме кайчылаш пикиримди айтып видео кайрылуу жасадым эле. Алгач видеону тартып жатканда эле менин дарегиме катуу негатив болоорун билгем жана даяр болчумун. Бирок ушунчалык богооздорго жооп кылбасам болбой калды. Эгер Жапыкеевби, башкасыбы, кыргыздын каада салтына шек келтирсе, айтчы сөзүмдү айта берем. Кылымдар бою сактап келген салтыбыз үрп адатыбыз, тилибиз, дилибиз тарыхыбыз бар. Туристтер келсе биздин архитектурага же байлыгыбызга кызыкпайт.

Жаратылышыбызга, маданиятыбызга, каада салттарыбызга кызыгып келишет. Салтыбыз Сыймык байке айткандай " рестайлинг" болбош керек. "Этти устукандабай эле Пакистандыктардай чаап эле салып каалаганынды жей бер, баары бир заңга айланат": - деп айтканы кандай? Мисал келтирип образно айтып жатат, андай ойдо эмес деп айткандарга. Анда мисалы деп коюп, баарыбыз эле оюбузга келгенди оттой берелик. Илгери мынтип сүйлөгөндөрдү: "Нарксыз, тексиз атаң" - деп сөкчү эле аксакалдар. Маданият бир эле ыр, бий, кино менен чектелбейт. "Алгач экономиканы өнүктүрөлүк анан маданиятты карайбыз" - деген бул манкуртчулуктун жеткендиги. Маданияттын жоктугунан, көөдөндүн ачкалыгынан ушундай акыбалга такалып жатабыз.

ЖКны өзүңөр билесиңер. Сөз баалулугу болбой калды такыр. "Бүгүн Манас жок" десек, кайра эртеси: " Көрсө бар экен". "Менин байкем ууру эмес". Эртеси кайра "Бул аябай ууру" - деп позициясын бат эле өзгөртүп жатканы жаман болуп жатпайбы. Айтылган сөз-атылган ок. Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт. Бул дардаңбайды айдактап коюп олтургандардан кудай сактасын! Эртең жанына күч келсе дароо секирип кетет. Керек болсо тийиштүү кагаздарын көрсөтүп койот. Анчалык Сыймык байкенин фанаты болгудай ал Американы ачкан жок. Ал айткан нерселерди көптөгөн журналисттер мурун эле айтып келген. Миллиондогон элдер карап баштаганда, тамекисин, нашасын токтотуш керек болчу. (Сыйлабастык). Коррупционерлерге мен каршымын. Өлүм жазаасын киргизиш керек. Кустуруп эле тим болбостон. Мамлекеттин өнүгүп кетишине кантип каршы болом. Керек болсо жанымды берем. Мамлекет өнүксүн десеңер, балдарыңарга инвестиция кылгыла. Билимине абдан маани бергиле. Аларды чынчылдыкка, маданияттуулука, принципиалдуулукка, айкөлдүккө, чың ден соолуктуулукка (спортко) үйрөткүлө. Ошолор өнүктүрөт, ошолор биздин келечек. Каяктагы бир оозуна алы келбеген, бир принципти кармай албаган, эрки жок, бирөөнүн кукласына ишенбегиле. Билип койгула дирижерлору бар алардын, болгондо да күчтүүлөр. Жакында көрөбүз шашпай тургула. Мурун кайда эле булар? Эмне үчүн шайлоо болоордо пайда боло калышты? Мурун мамлекетте иштегенде эле результат көрсөтпөйт беле, ушунчалык тазаа патриоттор болсо.

Бул кур чечендик. Жөн эле курал болуп калгандан тажаган жоксуңарбы? Бирөө катуу сүйлөп, асмандагы ай менен жылдызды айтып койсо ишенип ээрчип кетпегиле туугандар! Аябай жаны күйүп актёрлонбой эле койсун. Актёрлук чеберчилиги жакшы экенин баамдадым. Актёрлор менен көп иштешем өзүм режиссермун. Жакшылап анализ жүргүзгүлө, кимди жамандап атат? Кимге такыр чаң жугузгусу келбей жатат? Элди курал кылганы аз келгенсип, кайра силерден акча сурап жатат күздөгү шайлоого. Ойлору байлык менен эле бийлик. Тапкан экенсиңер баатырды. Мунун өмүрүнө эч кандай коркунуч келген жок. Анткени госмашинага каршы чыккан жок, духу да жетпейт. Принципиалдуу, билимдүү, маданияттуу, зирек балдар жок эмес. Мисалы: Болот Ибрагимов, Эрулан Көкүлов, Азият Жекшеев, Кудрет Тайчабаров, ж.б сыяктуу балдар жандарын курмандыка чалып өздөрүнүн позициясын айтып келе жатат. Мени сөгөсүңөрбү кууруп жейсиңерби, артист партист жана башка абройго шек келтире турган сөздөрдү айтасыңарбы, мага баары бир. Принцибимден кайтпайм. "Киноңду тартып жүрө бер" дегендерге рахмат.

 Албетте, ар ким өз иши менен алек болгону жакшы. Бирок, ар кимдин өзүнүн жарандык позициясы болот. Бул менин жарандык позициям, эч кимге таңуулабайм. "Кимден канча алдың?" - дегендерге: Аны мен анан кудай билет. Кудайга эле коюп койгула. Куран кармап карганбайм бирок. Албетте, бардык нерсени убакыт таразалайт. Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз. Көрө жатаарбыз аман болсок... Рахмат.. Терең урматым менен.. Акыл үйрөтүү эмес сунуш))) Адашпагыла туугандар!! Мен колдомокмун эгер ушунун баары бирөөлөрдүн оюну болбогондо”,-деп Азамат Арыков билдирүү калтырды.

Белгилей кетсек, режиссер буга чейин Сыймык Жапыкеевге видеокайрылуу жасап, анын наша чеккенин эл алдында моюнуна алганын туура эмес деп айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости