www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы көзөмөл органы депутаттын Байланыш мамлекеттик агенттигинин мыйзамсыз чечимдеринин жокко чыгарылышына эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Кечээ, 25-майда интернетте ЖК депутаты Жанар Акаевдин маеги тарап, анда эл өкүлү анын 20-майда парламенттеги «Скай Мобайл» ЖЧКсына 200 МГЦ радио жыштыгын колдонууга мыйзамсыз лицензия берилгени боюнча “5 мүнөттүк сөзүнөн” кийин Мамлекеттик агенттигинин буга чейин кабыл алынган буйруктары жокко чыгарылып, мамлекетте 5 млрд сом кайтарыла турганын айткан.

Башкы прокуратура Акаевдин бул билдирүүсү чындыкка жатпай турганын белгилейт. Буга чейин коомчулукка жарыялангандай, Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана УКМКнын айрым кызматкерлеринин жеке компаниялар менен көмүскө бүтүмгө келип, КРнын мыйзамдарынын талаптарына каршы радио жаштыкты колдонуу боюнча лицензиянын кайра берилишине жол беришип, коррупцияга барышканы боюнча 2020-жылдын 7-апрелинде эле сотко чейинки өндүрүш катталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 20-апрелде, башкача айтканда депутат Акаевдин парламентте сүйлөгөн сөзүнө бир ай калганда Башкы прокуратура КРнын мыйзамдарынын бузулган учурларын жоюу боюнча көрсөтмө берилип, анын жыйынтыгында 24-апрелде Мамлекеттик байланыш агенттиги буга чейин чыгарган радио жыштыкты колдонуу тууралуу лицензияны жана технологияларды өзгөртүү боюнча буйруктарын жокко чыгарган.

Ошентип, депутат Жанар Акаевдин Мамлекеттик байланыш агенттигинин мыйзамсыз чечимдеринин жокко чыгарылыш аркылуу мыйзамдуулуктун орношуна кымындай да тиешеси жок.

Депутат ачыгын айтканда укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүнүн жыйынтыктарын өзүнө ыйгарып алгысы келип жатат.

Учурда тергөө жолу менен мамлекетке келтирилген зыяндын суммасын аныктап, ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.
ЖК депутаты Жанар Акаевди эл өкүлү катары коомчулукка чындыкка дал келген маалыматты берүүгө чакырабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости