www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Кайрат мырза, БШКнын түшүндүрүү иштери менен алыскы региондордо жүрдүңүз, эң талуу маселе кайсы болду?

-- Туура баамдадыңыз, бул күндөрү региондордо болуп келдим. Тийешелүү деңгээлде окутууларды жүргүзүп, лекция окудук, “бу жолку шайлоонун кандай өзгөчөлүктөрү бар?” деген маанайда. Биз бул боюнча жолугушууларда көбүрөөк маалымат берип, саясый партиянын жана бир мандаттуу округдан шайланып аткан талапкерлердин өкүлдөрү менен биргеликте иш-чара өтүп турду.

Ошол эле учурда жарандык активисттерди бизге жардам берүүсүн, шайлоонун процедуралары кандай шартта жүрөрүн, биргеликте иш алып барууну шарттадык. Алсак, бу шайлоодо эки бюллетень болот. Бирөөсү бир мандаттуу округдан талапкерди белгилөө. Экинчиси партиялык тизмени тандоо, ошол эле жерде партиянын мүчөсүн белгилөө дегендей.

-- Добуш сатуу жана сатып алууда шайлоочулардын аңсезими өскөнү байкалуудабы, бул боюнча да иш алып барсаңар керек?

-- Шайлоочулар менен жолугушканда алар бизди добуш сатуу жана сатып алуу боюнча ачык-айкын карап берүүнү суранышты. Бул боюнча өлкө президенти бир эле эмес эки-үч жолу кайрылуу жасап, “ачык-айкын шайлоо өткөзөлү” деп айтты.

Ошол себептен БШКнын мүчөлөрү да президенттин айткандарын позитивдүү кабыл алып, адилеттүү болуу, добуш сатып алуу же туура эмес үгүт жүргүзүү боюнча чара көрүү жагынан бу жолу эч бир маселе жаралбайт деп турам.

Булак: Азия News гезити

Последние новости