www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз президенти Улуу Британияга барат

Президент Садыр Жапаров 1-2-ноябрда Глазго шаарына (Улуу Британия) иш сапары менен барат, деп билдирет анын басма сөз кызматы. Анын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык 26-конференциясына катышып, дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары, саммит аянтчасында кыргыз мамлекет башчысы чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясынын 26-сессиясы 31-октябрдан 12-ноябрга чейин Глазгодогу Шотландиялык конгресс-борбордо өтөт. Аны Улуу Британия менен Италия биргеликте уюштуруп жатат.

Тараптардын конференциясы Бириккен улуттар уюмунун климат өзгөрүүсү жөнүндөгү алкактык конвенциясынын ишке ашуусуна обзор жана мониторинг жасоого, чечимдерди кабыл алууга жооптуу орган. Ал тараптар деп аталган, Алкактык конвенцияга кошулган 197 өлкө менен территорияны бириктирет.

Тараптар конференциясы жыл сайын чогулат. 21-конференция 2015-жылдын декабрында Парижде (Франция) өтүп, анда биринчи эл аралык климаттык келишим жетишилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости