www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытов Талант Турдумаматовичке Жалал-Абад областынын тургундарынан
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Мамытов Талант Турдумаматович!
Биздин Сизге кыскача кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө: өзүнүзгө белгилүү болгондой өлкөбүздөгү саясий кырдаал баш аламандыка айланып, элдин бийликке болгон ишеними жоголуп, четтен мекенчил эр азамат лидерлерибиз камалып жатышат. Алардын ичинде Жапаров Садыр Нуркожоевич жана 12 жарандын мыйзамсыз камалгандыгы үчүн, Жогорку Кеңештин сессиясында ушул маселени кеңири талкууга алып чыгууңузду суранабыз.
Сиз жакшы билесиз эл менен бийлик ортосундагы көпүрө үзүлүп, кепил болгон мыйзамдар жалпы журтка бирдей иштебей калды. Адам укуктары бузулуп, баш көтөргөн улуттук лидерлерге мыйзамсыз саясий куугунтуктоолор токтобой жатат. Ошондуктан кыргыз эли жараткан Алланын астында бул маселе боюнча адилетүүлүк бааңызды берет деп ишенебиз.
Жапаровдордун үй-бүлөсүнүн боштондугун талап кылышып, Жалал-Абад областынан 1300 (бир миң үч жүз) го жакын тарапташтары кайрылууларын жөнөтүштү.
Биз жонокой жарандар мамлекетибиздин мыйзамдарын сыйлайбыз, бирок бизди башкарып жаткан бийликтен дагы ошол мыйзамдуулукту талап кылабыз. Эгерде Садыр Жапаровдун күнөөсү далилденсе, ошол фактыларды эл алдына ачык көрсөтүп берүүлөрүн сурайбыз, коюлган айыптар такталбаса, кылмыш ишин кыскартып, токтоосуз камактан чыгарууга көмөк көрсөтүүңүзгө ишенебиз.
Биз Садыр Жапаровду колдоо комитети ар бир облус, региондордо өзүбүздүн активдүү катышуучуларыбыздан лидерлерди шайлаганбыз. Ошол себептүү, биздин лидерлерди жеке кабыл алууңузду, Жогорку Кеңештеги сессияда маселе каралып жатканда биздин катарыбыздан жана адвокаттарыбыздан катыштырууңуздарды суранабыз.
Сизди терең урматтоо менен Жалал-Абад областынын тургундарынын атынан Д. Т. Малабеков +996778756087; 0773819272.
Булак: NazarNews.kg