www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ак кеме” мейманканасында улуту деген графаны алып салып, жаңы үлгүдөгү паспорт жасоо боюнча Өкмөт токтом чыгарганы тууралуу жыйын болуп, талкууга алынды. Баары каршы болду. Анын бири саясат таанучу Марс Сариев.
-- Улуту деген графанын алынышына караманча каршымын. “Кыргызстандык” деп баштаганга бизге азыр эрте. Москва метросундагы жарылууну мисал кылалычы. Россиянын болгон телеканалы “террорчуКыргызстандан”деп чыгышты, туурабы? Ал өзбек экенин, Орусиянын жарандыгын алган жагдайды эстеп да коюшкан жок. Ушундай эле окуя Түркияда болду. Кыргызстанда жашап кеткен өзбек Стамбул барында терракт жасады. Аны түрк маалымат каражаттары “кыргызстандык”деп чыгышты. Кыргызстандык, демек, кыргыз деп ойлоп калышты да башкалар. Ошондуктан паспорттон улуту деген графаны азыр жойгонго эртелик кылат.
Булак: NazarNews.kg