www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы кодекс боюнча Кыргызстандын айдоочуларына бир катар жол эрежесин бузганы үчүн 5 500 сомдон айып пул каралган. Бул тууралуу Бишкек милициясынын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Мекеме кодекс 1-декабрда күчүнө киргенин эске салды. Анда "Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу" деген 194-берене бар.
5 500 сом өлчөмүндөгү айып пул төмөнкү үч эрежени бузгандарга салынат:
Кайгуул кызматы айнекти караңгылатуу Бажы биримдигинин техникалык регламентинин талаптарына ылайык келиши керектигин эскерткен.
Белгилей кетсек, жогорудагы пунктулардын ичинен алдыңкы экөө үчүн юридикалык тараптарга 17 миң сом айып пул салынат. Ал эми үчүнчү пунктуда жеке тараптар гана айыпка жыгылат.
Кыргызстанда унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. Өкмөттүн токтомунда караңгылатууга жол берилген унаалардын тизмеси да келтирилет. Ага ылайык, президенттин, өкмөт башчынын, спикердин жана Жогорку сот төрагасынын унааларын караңгылатууга уруксат. Мындан сырткары, УКМКнын 9-бөлүмүнүн, "Кыргыз инкассациясы" (акча жана баалуу буюмдарды жеткирүү) ишканасынын жана кылмышкерлерди ташыган унаалардын айнегин караңгылатууга жол берилет.
Караңгылатууга уруксат берген башка документтер жараксыз деп табылат.
Булак: NazarNews.kg