www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтмөй болду. Мындай чечим кыргыз-казак өкмөт башчылары Акылбек Жапаров менен Аскар Маминдин Нур-Султандагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынганын коңшу өлкө өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, суу, энергетика, транзиттик-транспорттук, аскердик-техникалык чөйрөлөрдөгү, агроөнөр жай комплекси, өнөр жай кооперациясы жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Борбордук Азия аймагынын коопсуздугун камсыздоо алкагында Кыргызстанга акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлду.
Эки өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрликтери 2021-2023-жылдарга саламаттык сактоо тармагында референс-лабораторияларды өнүктүрүү боюнча чаралар планын бекитишти.
Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги менен Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги "Карасу" жана "Ак-Тилек" өткөрмө пунктуларынын аймагында, ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы үч дүң соода борборунда өнөр жай, соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын кабыл алышты.
Нур-Султанга жасаган иш сапарынын алкагында Акылбек Жапаровдун Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жана өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу пландалган. Мындан сырткары, Астана эл аралык каржы борборуна, Санариптик өкмөттүн кеңсесине жана башка объектилерге барары каралган.
Булак: NazarNews.kg