www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бу сапар  кандай маселе болбосун чындыкты айткан, эл үчүн күйүп-бышкан, мамлекетим өнүксө экен деген тилеги бар революционер Кайып-Шери менен баарлаштык. Ал эмнегедир  бу жолу президенттик кызматка акчалууларды эмес,  аскердик  тактиканы жакшы билген аскер адамын келишибиз керек деген оюн ортого салды.

“Революцияны бетиме кармап, мамлекеттен акча, үй үмүт этпейм”

Революцияга катышканыңыз эске алынып,  кандайдыр бир жеңилдиктерге ээ болдуңузбу?

-Чынымды айтсам, революцияга катыштым деп үй, акча алып, дагы кандайдыр бир жеңилдиктерге ээ болгум келген жок. Жеңилдик алмак тургай революция максатына жетпей жатат. Жаңы бийлик эл күткөндөй иштебей жатат деп мамлекеттин берген төш белгисин да кайтарып берип салгам. Ошон үчүн революцияны бетиме кармап, жарат алдым эле деп мамлекеттен бир нерсе үмүт этпейм. Алты саным аман-эсен экенине тобоо кылам.  Ал тургай өзүмдү революцияда ок тийип каза болгон  балдардын алдында карызмын деп ойлойм.

Бирок, эч кимден эч нерсе сурабасам да айрым саясатчылардын туура эмес иштерин  айтып, уяткарганымды жактырбагандар да бар. Айтайын дегеним, кээде “анын, мунун абийирин ачпай Сариевге, Бабановго асылбай, “Үзөнгү -Кууш” менен “Каркыраны” чукубай эски машинеңди жаңыга,  кичинекей үйүңдү чоң үйгө алмаштырып албайсыңбы”-деп акыл үйрөтүшөт. Мен кыргызчылык жолдо экенимди айтып, мага андай нерселер жукпасын, алардан акча алууга абийирим да жол бербесин айтам.

“Атамбаев байлыктарын ачыкка чыгарып, тоңуп турган музду жарды”

-Акты ак, караны кара дейт экенсиз. Президенттин да катачылыгын ачык айта аласызбы?

-Менчелик президентти сындаган адам болбосо керек. Мен буга чейин президенттин туура эмес иштерин айтып, ачык  сындадым. Мародёрлук менен күрөшпөй, коррупционерлердин тизгинин тартпай жатат деп капа болчумун. Бирок, акыркы мезгилдеги саясаты купулума толуп, ага асылууну, президентти сындоону токтоттум. Анткени, президент башка президенттерден айырмаланып, кыргыз саясатындагы чиновниктерге үлгү болуп  байлыктарын ачыкка чыгарып, Кыргызстандагы тоңуп турган музду жарды. Көптөн бери көтөрүп келаткан маселени колго алды. Тегерегиндеги эл жийиркенген адамдарды  тазалай баштады. Коррупционерлер, жер саткандар бийликке  аралашпасын, мародёрлор жазалансын дегенибиз да эске алды.

-Президент байлыгын ачыкка чыгарганы үчүн Бабанов да байлыктарын ачыктамыш  болдубу?

-Ооба. Биз анча маани бербей жатканыбыз менен президент жакшы жөрөлгөнүн башатын баштады. Аны Өмүрбек Токтогулович улантты. Эми президент болом деген дымагы бар адамдардын баары жыйган байлыктары тууралуу ачык айтып,  эл алдында эсеп-чотун  бериши керек.

“Аскердик тактиканы жакшы билген адамды президент кылышыбыз керек”

Бу сапар кандай адам президент болушу керек?

-Менин оюмча бу сапар аскер адамын президент кылып шайлашыбыз керек. Антпесек,  Орто Азиянын тынчтыгын бузгусу келген сырткы күчтөр  өз кызыкчылыктарын исламчыл күчтөрдүн колу менен  ишке ашырууга аракет кылат. Ошондуктан, аскердик тактиканы жакшы билген аскер адамын президент кылуу маселеси жаралып жатат.

-Анда акчасына таянып, президент болгусу келип жаткандар не болот?

-Алар президент болбой калат.  Мен чынымды айтсам,  ошол акчалуу олигархтар  бийликке келишине каршымын. Мен Көкө Теңирден Темир Сариев жана дагы бир президенттик кызмат көзүнөн учуп жаткан олигархты  президенттикке жолото көрбө деп суранып, тилеп жатам. Себеби, булар мамлекетти зыянга учураткан адамдар. Булардын тарыхта тескери изи калган. Ошон үчүн булардын президент болушун каалабайм.

“Мен Сариевди спирт саткансың, контробандистсиң деп жамандагым келбейт”

айсыл тескери издер тууралуу кеп кылып жатасыз?

— Темир Сариев  а дегенде эле “Үзөнгү Куушту” сатуу боюнча  колдогон добуш берген. Ошондой эле Акаев менен Мисир Ашыркуловго таянып, 1990-жылдары чоң-чоң имараттарды менчиктештирип алган. Азыр эч жерден ичип-жеген жокмун, акмын дегени менен ошол имаратын арендага берип, пайда таап отурат. Мен аны мурун спирт саткансың, контробандистсиң деп жамандагым келбейт. Бирок, революциядан кийин “Кумтөр” боюнча өкмөттүк комиссиянын башында туруп, “Кумтөрдү” иштеткен компания Кыргызстанга 5 миллиард доллар зыян келтирди деп чыгарган корутундусу иш жүзүнө ашырбай, кагазда калтырып койгонуна ачууланам. Башкача айтканда, премьер-министр болгон мезгилинде да  ал маселеге кайрылбай мамлекетке зыян келтирди. Ушул кылыгы үчүн ага жан тарткым келбейт. Элдин үмүтүн актабаган, катардагы маселени чече албаган адам  президент болсо жыргатмак беле.

 “Убактылуу Өкмөттүн төрт гана мүчөсү акча алууга катышкан эмес”

— Парламентте мородёрчулук боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия жыйынтыгын жарыялайт экен. Алар эч кимден коркпой болгонун болгондой айтканга  мүмкүнчүлүктөрү жетеби?

-Негизи чыныгы мародёрлордун атын атап, банктагы ячейкадагы акчаларды алгандарды жарыялайт деп ишенгим келет. Бирок, мен комиссиянын жыйынтыгысыз эле мародёрчулукка кимдин катыштыгы бар экенин билем. Убактылуу Өкмөттүн төрт гана мүчөсү акча алууга катышкан эмес. Алар Алмаз Атамбаев, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова жана  Абдыганы Эркебаев. Булар акча алуу эмес, андан башка  иштерге да  аралашкан эмес. Убактылуу өкмөттүн калган мүчөлөрү 44 миллионду бөлүп алып, түштүккө тартип орнотуу үчүн жумшадык деп өздөрүнө караштуу адамдарга берип акчаны жок кылышкан. Ошондой эле  “Азия Универсал” банкынын атын  “Залкар” банк деп алмаштыра коюп, Россинбанкка сатып жиберишкен экен. Роза Отунбаева менен Эмилбек  Каптагаевдер ошол иштердин атамандары дешет аларды жакындан билгендер. Ал турсун революциядан кийин   Каптагаев  Ширшовдун үйүн алыптыр деген да кептерди айтып жүргөндөр  бар.

-Президент мародёр деген шылтоо менен  өз атаандаштарын жок кылып жаткан жокпу?

-Өз атаандаштарын жоготуш үчүн аларды мародёр деп каматып жаткан жок. Болгону, бийликти уур-кескилерден, коррупционерлерден жана мародёрлордон тазалай баштады. Бирок, ошол эле учурда коррупционерлерге актанып ал дегендей мүмкүнчүлүк берди.

-Бирок, президент бийликти тазалап жатат дегениңиз менен кылмыш иши козголгон саясатчылардын баары жогору жак кандай тапшырма берсе, соттор ошолордун айтканын аткарат деген ойдо го?

-Мен мындай пикирге кошулбайм. Анткени, Атамбаев эч качан сотторго  тапшырма берип, тигини кама дебейт.  Укканыма караганда Атамбаевдин атын эмес, акүйдүн караанын айтып, соттордон өздөрү каалаган чечимди чыгартып алууга аракет кылгандар бар. Айтайын дегеним,  Руслан Шарапов деген аким  ак үй, көк үйдүн атын сатып, шаардык, райондук сотторго кайрылып, өзүнө жаккандай чечим чыгартуунун айласын издеп  жүргөнүн кулагым чалган.

“Президентти эч жакка кетирбей, бизге ат байлаган казык болуп бериңиз деп суранайын деп жатабыз”

Президентке айтып, чечип бериңиз деген маселелериңиз оң  жагына чечилеби?

-Мен ал кишиге эмес, ак үйгө деле  кирбейм. Бийликтин кемчиликтерин ачык айтабыз. Биздин көтөргөн маселелер көз жаздымда калбаган үчүн айрым учурда оңунан чечилип калса,  ичибиз жылып калган учурлар болот.

Кудай буюрса, президентти эч жакка кетирбей, бизге ат байлаган казык болуп бериңиз деп суранайын деп жатабыз. Себеби, президент менен жакындан иштешкен адамдардын айткандарын угуп, ажонун аракеттерине ичим жылып жүрөт. Алмаз Шаршенович өзү кызматка койгон кадрларына “той-топурга, машина алганга айлыгыңар жетпесе, мамлекеттин каражатына кол салбагыла. Менден сурагыла. Канча болсо да, мен берем. Силер иштеп гана бергиле” дейт экен.

“Бийликке суусап, Москвага, батышка, Араптарга жүгүнгөндөр 3-революция болот деп жатышат”

Сиз антип айтканыңыз менен президенттин ишине ичи жылыбагандар  мөөнөтүнө жетпе кызматтан кетет деген ойду айтып жатышат го?

-Алар бийликке суусагандар. Москвага, Батышка, Араптарга жүгүнгөндөр үчүнчү революция болот деген пикир жаратуу менен  алек болуп жатышат.  Азыр алар ойлогондой  үчүнчү революцияны мамлекет көтөрө албайт. Революция боло турган да жагдай жок.

-“Жерүй” тууралуу нелерди айта аласыз?

— Чынында “Жерүйдүн” болжолдуу баасы 1млрд. доллар болот деп болжонуп жаткан. Бирок,  аны үч жүз миллионго сатуу маселеси көтөрүлгөн болчу.  Бир олигархтын кийлигишүүсү менен  100 млн. долларга түшүптүр. Жыйынтыгында, Путин антрактидага завод сала бер деп кубалап жиберген чеченди таап келишип, акчасы жок англиялык компанияны тендерге жөн эле катыштырып,  “Жерүйдү” Бажаевге  берип коюшту. Эми “Жерүй” алтын кенин Бажаев англиялык компанияга ири суммага сатып жибергени тууралуу кептер айтылып жатат.

Перизат Рысманбетова

Булак, «Фабула»

Последние новости