www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

*Сооронбай Жээнбеков баштаган шалаакы өкмөттүн “өпкөсүн өзөртө тээп”, иштин көзүн билип иштей албагандарды Кыргызстандын бардык ММКлары сындаганды, “сындырганды” токтотпой, токмокко ала беришибиз керек КЕРЕК!

*Жок, эң биринчи урматуу коллегалар, «жепутат» деген аттан кутулуп, депутат деген атактуу, барктуу, сыйлуу,сыймыктуу наамга татыктуу болушубуз КЕРЕК! Партиялык тизме менен келип, оозун ачып , бизнесин калкалап калчылдап олтурган “эл өкүртөөрлөрүбүздөн” кутулушубуз КЕРЕК! Колдорунан кокон тыйын келбеген өкмөттү отставкага кетире албаса аларга жөн эле асыла бербей, анда өздөрү ошол жылуу жумшак ордуларынанан миллиондорду налево, направо “шимшип” издеген аянтчадан немедленно кетиши КЕРЕК!

*Кумтөрдүн алтыны кимдин чөнтөгүнө кумдай куюлганын тезинен таап, кармап, камап соттош КЕРЕК! Бул боюнча чарбалык болобу, укуктук болобу, парламенттик болобу комиссия артынан ко­миссия түзө беришибиз КЕРЕК!

*Коррупцияга каршы чабуул жүрүп жатат, эмне үчүн укук сакчылары уйкудан жаңы ойгонгон немече отурушат! Карапайым калктын канын соруп, жонтерисинен сыйрып алып, арам акчага көөп жүргөн аткаминээр чиновниктерден тазаланышыбыз КЕРЕК!

*АК үй менен Көк үйдүн кулуарында кыска юбка кийип, кылтыңдап баскан кымча бел, оймок ооз, буура сан кыз-келиндерди караганыбызды токготушубуз КЕРЕК!

Кыскасы урматтуу коллегалар, ушуларды жасашыбыз КЕРЕК! Баарын жасаш КЕРЕК! КЕРЕК! КЕРЕК эле КЕРЕК! КЕРЕК! КЕРЕ-Е-Е-К...!

Булак: “Айгай пресс”

Последние новости