www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин мамлекетте чиновниктерге жыргал да, кызматка бир илиндиңби, ошол тарапта жүрө бересиң да, бир кызматтан алынса, экинчи кызматы даяр.

Жакында эле кызматтан алынган Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору Чынара Адамкулова кызматтан алынды эле, аз өтпөй Дипломатиялык академиянын ректору болуп «кайра жаралып» чыкты.

Бу кызыбыз КУУга ректор болуп келгени, аны колдогондор: «Университетибиз эми оңолот, реформа жүрөт, коррупция жоюлат...» деген жакшы- лыктардан оголе көп айтышкан. Жаңы шайланган ректор болсо, бу кызматтын кай жеринен кармап, эмне кылып башкарардын «эмесин» билбей, кайдагы бир чарба боюнча орун басарына бардык ишти башкартып, карыя мугалимдерди иштен айдап, айтор, чалмакейди жакшы чалды.

«Чалмакей чалгандар» дагы бир күнү кызматтан айдалат эмеспи, Адамкулова да алынды. Эми карабайсызбы, иштен кемчилиги менен алынган немени дагы бир кызматка койгонун?!

Экөөн башка кадр жок, экөөндө болсо көңүл ток...

Мурунку агартуу министри, азыр президенттик аппаратта бөлүм башчы болуп иштеген Элвира Сариева Адамкулованы колдойт деген чын го... Баса, Сариева деле бир кызматка илинип алып жүрө берчилерден турбайбы...

Баса, Адамкулованын ордуна Агартуу министрлигин жөндөй албаган Канат Садыковдун келгени да кызык болуп турат. Эмне, агартуу тармагында иштеген нечен бир азаматтар жүрөт, ошолордун бири ректорлукка жарабайбы?! Ушундай кырдаалдардан улам мамлекетибизде жакшылык аз болуп жатпайбы, ыя, урматтуу министр айым Кудайбердиева?!

Булак: “Багыт.кж”

Последние новости