www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин «Азия-Ньюс» гезити менен тыгыз байланышта болуп келе жаткан коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков 3-март күнү 66 жашка толду. Экс-вице-премьер- министр агабызга бекем ден-соолук, узак өмүр, көптөгөн жакшылыктарды каалап, биздин жамааттын куттуктоосу катары ал жөнүндө айрым пикирлерди жарыялоону туура көрдүк.

Кайырбек Сарматов, дыйкан чарбасынын башчысы, Нарын облусу: «Талгарбеков элге теңдикти жана эркиндикти чогуу берди»

Биз Бекболот экөөбүз бир айылдан болобуз. Союз маалында мен отуз жылча башкы чабан болуп иштедим. Жакшы заман эле. Совхоз мага жем, чөбүн, керек болсо тамак-ашыма чейин даярдап берип турчу. Ал мамлекеттин дотациясы экенин биз ал кезде кайдан билдик. Бекболоттун атасы Талгарбек эки жашында жетим калып, анын төрт жашар агасы Салморбек экөө ар кимдин колунда чоңоюшкан. Экөө тең чыйрак чыгып, Талгарбек көп жыл колхоздун башкармасы болду. Бекболот жакшы үй-бүлөдө төрөлүп, өстү. Кийин мыкты билим алды.

Президент Акаевдин көзүнө илинди. Ага айыл чарбаны реформалоо ишин тапшырды. Бекболот айылдагы өзгөрүүлөрдүн башатында турду. Айылдыктарга жерди, малды, мүлктү тең бөлүп берип, айыл элин кыйрап жаткан колхоз-совхоздордун тепсендисине калтырбай, эркиндикке чыгарды. Талгарбековдун айыл элине теңдикти жана эркиндикти чогуу берген жакшылыгы түбөлүктүү десем болот. Мен эми соңку отуз жылга чукул фермермин. Байбичем, уул-келиним, эки жардамчым менен кой, уй, жылкы, топоз багып келем.

Кудайга миң мертебе ыракмат. Союз маалында азыр мен кармаган малды кеминде элүүдөй киши багып, дагы элүүдөй аткаминерлер көзөмөлдөп, текшерип турмак. Ооба, Бекболот тууралуу дагы эле ар кандай пикир айтылат. Менин баамымда аны жектегендер билими тайкылар, жалкоо, жатып ичерлер, ичкиликке жакындар. Бекболотту жактагандар эмгекти сүйгөндөр, акыл-эси тунук, өлкө өнүксө деген мекенчил адамдар. 

 

Последние новости