www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы курулуштарга 20 миңге жакын жумушчу жетишпейт. Бул тууралуу Москва курулуш башкармалыгынын башчысы Рафик Загрутдинов билдирди.

«Бүгүнкү күндө курулуш объектилеринде болжол менен 45-47 миң адам иштейт. Эгерде Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин тапшырмаларын карап көрсөк, анда дагы 20 миңге жакын жумушчу күчү жетишпестигин байкай алабыз. Жумушчу күчүнүн жетишсиздиги актуалдуу көйгөй болуп турган учуру жана биз аны чечүү аракетиндебиз», — деди Загрутдинов.

Буга чейин Сергей Собянин пандемияга байланыштуу чек аранын жабылышы Москвадагы курулуштарда он миңдеген жумушчунун жетишсиздигине алып келгенин айткан.

Анын айтымында, кырдаал 2021-жылы жакшырышы керек. Жумушсуздуктун деңгээли жогорулаганына карабастан, шаар мэри жумуш сунуштаган орундар мындан да жогору экенин маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости