www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Кайрат Иманалиев Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве айым менен жолугушту.  

Анда тараптар УТРК менен БУУ ортосундагы кызматташтык мамилени өнүктүрүү боюнча сүйлөшүп, келечектеги пландарды талкуулашты. 

Жолугушууда УТРКнын жетекчилиги менен уюмдун аткарып жаткан иштери тууралуу көрсөтүүлөрдү да даярдоо макулдашылды. Гравье айым Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандын президентинин тоолорго байланыштуу демилгесин колдоого алганын айтып, өлкөнүн тоолуу аймактарындагы жашоочуларынын көйгөйлөрүн чагылдыруу, аларга жардам бере турган биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу каралып жатканын белгиледи.

Башкы директор Кайрат Иманалиевдин айтымында, Антье Гравье айым менен зордук-зомбулук маселесине, балдардын, аялдардын көйгөйү боюнча көрсөтүү, уктурууларды биргелешип даярдоо макулдашылды. Аны менен бирге таланттуу балдарды таанытуу, аз камсыз болгон, жетим балдар үчүн да атайын берүүлөрдү даярдоо сунушталды.  

Корпорацияга болгон сапар алкагында Антье Граве телерадио студияларды кыдырып, жамааттын ишмердүүлүгү менен таанышып, чакан концерттик программага күбө болду. Ал кыргыз музыкасына, улуттук аспаптарга кызыгып, күү черткен чыгармачыл топ менен баарлашты. Мейман эфирге тартылып жаткан балдардын аракетин көрүп, корпорациянын балдар үчүн жасап жаткан ишин өзгөчө баалады. 

Белгилей кетүүчү жагдай, УТРК Бириккен Улуттар Уюмунун түзүмүндөгү атайын фонд, мекемелер менен тыгыз кызматташып келе жатат. Буга балдарга байланышкан  ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашкан долбоорлорду мисал келтирүүгө болот.  
Саясат таануучу жана тарыхчы Антье Граве Бириккен Улуттур Уюмунун тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору болуп жарым жылдан бери иштеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости