www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Пирамида" менен "5-каналды" өкмөт каржылай албай калды. Журналисттери эки айдан бери, ишке чыгыша элек. Эки каналга 20 миллиондон 40 миллион бөлүп бере албай Өкмөттүн ээси ооп отурат. 

Мындан улам, Мамлекеттик мүлк фондусу эки каналды "Пирамиданы" Кумтөргө же, “Кыргыз Алтынга", ал эми "5-каналды" Бишкек шаардык мэриясына байлап берип, баш оорудан кутулганы турат. 

Бул боюнча Мүлк фондусунун төрага орун басары Медер Машиев телеканалдар финансылык жетишпестиктен улам берилип жатканын билдирип, мамлекеттик делген "Ош ТВ" Ош шаардык мэриясы тарабынан каржыланаарын мисалга тартты. 

Айрымдар, аталган эки каналды, "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слова Кыргызстан" гезиттерин "Кабар" Улуттук агенттигинин алдына топтоп, медиа холдинг кылыш керектигин айтышууда. Чындыгында, мына ушул туура кадам болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости