www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-январда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөбүзгө мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы мрамор чатырынын алдында Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемчелер төшөлдү.

Өлкөнүн лидерлери бири-бири менен учурашкан соң Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан кийин Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң мамлекет башчыларынын алдынан Ардак кароол ротасынын жоокерлери салтанаттуу марш менен өтүштү.

Мамлекет башчылары чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин тар курамда сүйлөшүү залына киришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости