www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрат Нуртас эркиндикке чыкты

19-июлда казакстандык популярдуу аткаруучу Кайрат Нуртас эркиндикке чыкты, деп билдирет Zakon.kz.

Otyrar.kz жазгандай, артистти ата-энеси, достору жана күйөрмандары тосуп алышкан.

"Тынчсыздангандардын баарына рахмат, мен жакшымын", - деди Кайрат Нуртас.

Ырчынын апасы Гүлзира Айдарбекова журналисттерге берген маегинде эч кимдин түрмөгө отурушун каалабай турганын белгилеп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, 5-июлда Кайрат Нуртас Алматы-Астана учагында майда бейбаштык кылып, атайылап денеге жеңил залал келтиргени үчүн кармалганы тууралуу маалымат пайда болгон. Сотто ырчы ден соолугуна келтирилген зыян боюнча жабырлануучу менен жарашканы белгилүү болгон. Ошондуктан ал майда бейбаштык үчүн гана соттолгон.

Последние новости