www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун 18-19-июлда Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ташкентте сапардын биринчи күнүндө “Куксарой” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң алар тар жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, келечекке биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти.

Садыр Жапаров боордош Өзбекстан менен соода-экономикалык мамилелерди мындан ары активдештирүүгө, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду.

Андан соң сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда биргелешкен кыргыз-өзбек долбоорлорун онлайн ишке киргизүү аземи болуп өттү.

Ошондой эле мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап жатып, президенттер жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган билдирүүлөрүндө жетишилген макулдашуулар стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеп, кеңейтет деген ишенимин билдиришти.

Мындан башка Мамлекет башчысы “Янги Узбекистон” паркындагы Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду.

Ошол эле күнү Президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.

Мамлекеттик сапардын экинчи күнүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын Мамлекет башчылары жубайлары менен бирге байыркы Хива шаарындагы “Ичан-кала” жана “Нуриллабой сарайы” комплекстеринде болушту.

“Ичан-кала” корук-музейинде экскурсия “Ата дарваза” дарбазасынан башталып, жогорку даражалуу меймандар уникалдуу “Куня арк” жана “Таш ховли” комплекстерин, Шергози-хан медресесин, мечитти жана башка эстеликтерди көрүп чыгышты.

Коноктордун урматына өзбек элдик ырлары жаңырып, театрлаштырылган оюн көрсөтүлдү.

Андан кийин президент Садыр Жапаров “Хива гиламлари” килем чыгаруучу ири ишканасынын иши менен таанышты.

Ал жакка барганында кыргыз делегациясы комбинаттын өндүрүштүк жана токуу цехтерин, ошондой эле “шоу-румдарда” даяр буюмдарды көрүп чыгышты.

19-июль күнү кечинде Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости