www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талды-Суу айылында Памирден келген 17 үй-бүлө жашайт.

Алай районунун Талды-Суу айылына көчүрүлгөн памирлик кыргыздар кесиптик билим алышканын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Билдирмеге караганда, министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу аталган айылга барып, жашоочулардан кабар алган. Айылда 17 үй-бүлө жашайт.

"Мамлекет ар бир үй-бүлөгө бирден саан уй, жылкы, 10 баш кой берди. Райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, андагы 36 бала жөлөкпул алат. Мындан тышкары, ишке орноштуруу кызматы үй-бүлө мүчөлөрүнө кесиптик окуудан өтүүгө жардам берди. 15 аял тигүүчүлүккө, 15 эркек айдоочулукка окушту", – деп айтылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости