www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиевдин Оштогу жыйында сүйлөгөн сөзүн журналист Нургазы Анаркулов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

"Коррупцияга каршы күрөш кандай нукта жүрүп жатканынан сезип турсаңыздар керек. Биз эч кимге ырайым бербейбиз! Учурда президенттин эки тууганы мыйзам бузгандыгы жана бирөөлөрдү алдаганы үчүн камакта отурушат. Президент аларды мыйзам бузгандыгын билип, аяган жок.

Менин бир тууган бажам бир жумадан бери камакта. Менин кайын эжемдин күйөөсү. Ал киши да мыйзамды бузган. Мыйзам алдында жооп берет!

Бир нерсени так түшүнүп алыш керек. Бир адамга жаза — жүздөгөн адамдарга сабак болушу керек!

Ошондуктан, мыйзамды бузаарда терең ойлонгула!

"Мен губернатордун, мэрдин же акимдин бир тууганымын, мага эч ким тийбейт", - деп ойлобогула.

Айрыкча, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, сиздерди жоопко тартуу үчүн көп убакыттын кереги жок. Бир сааттын ичинде ордунарды таап каласыңар!», - деди К.Ташиев.

Последние новости