www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Сайпидин кызы Бурулай изделип жатканын Свердлов РИИБден кабарлашкан.

Маалыматка караганда, 14-мартта милицияга анын жолдошу кайрылып, 1992-жылы туулган жубайы ошол эле күнү саат 10:00 чамасында Бишкектеги үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Сайпидин кызы Бурулайдын апасы менен атасы өкмөт үйүнүн алдына чыгышып, президент Садыр Жапаровго кайрылышты. 

«Кызым Бурулай 14-март күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон жок болуп жатат. Свердлов РИИБге бердик, караган киши жок. Оорукана менен өлүкканалардын баарына бардык. Эч ким карабай жатат. Жардам бериңиз. Кызым, биз сени жакшы көрөбүз, кайда болсоң да кайтып кел»,- деди апасы.

Анын 4 кичинкей баласы бар экени маалым болду.

 Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0(557) 11-94-10, 0(701) 28-28-19, 0(702) 49-88-88 номурларына чалсаңар болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости