www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Бириккен демократиялык кыймылы Кумтөр маселеси боюнча кыргыз элине билдирүү таратты.

Билдирүүдө: 
4-мартта өлкөбүздүн президенти С.Жапаров Кумтөр алтын кени Кыргызстандын менчигине өттү деген билдирүү жасады. Ал кенди кыргыз мамлекети эч кимге энчилеген эмес. Ошондуктан Кыргызстандын менчигин, Кыргызстандын менчигине өттү деген билдирүү чындыкка жатпайт.

Кыргыз өкмөтү канадалыктар менен 1992-жылы BOT алкагында келишимге кол койгон. (BOT-Bult, Operate, Transfer дегенди түшүндүрөт) Канадалыктар Кумтөрдө алтын иргөө фабрика 5 куруп, белгиленген шартта, белгиленген мөөнөткө чейин аны иштетип пайда таап, кайра бизге өткөрмөк. Ошол алтын кенде курулган фабриканын да ээси бизбиз, себеби алтын иргөө фабрикасы кыргыз өкмөтүнүн акчасына курулган. 

Фабрика курулуп, алтын иргөө башталганда, ал жерде сарпталып жаткан жалпы чыгымдын 4,5 пайызын канадалыктарга ыйгарууга макул болуп, биз аларды 11 жылга жалдаганбыз. Аталган мөөнөт бүткөндө, Кумтөрдөн алтын иргөө өзүбүзгө өтүп, канадалыктарга таза кирешеден 33 пайыз дивиденд бөлүнүп турмак. Себеби биздин өкмөттүн кепилдиги менен алынган насыянын 33 пайызын банкка канадалыктар кайтармак болгон.

Канадалыктар кийин келишимдин талаптарын бузганда, алардын операторун өзүбүздүкүнө алмаштырганбыз. Кумтөр биздин менчик болбосо, мындайга бара алмак эмеспиз. Тилекке каршы, биздин мындай чечим канадалыктар үчүн эл аралык сотко кайрылууга жол ачып, кыргыз өкмөтү доого жыгыларын туйганда, канадалыктар каалагандай ажырашуу келишимине кол коюлду. Бул ажырашууда биздин өкмөт алардын:

-4 млрд 252 млн 800 миң доллар бересени кечти;
-Кыргызалтындын 778 млн долларга тете 26,1 пайыз Центеррадагы үлүшүн аларга бекер берди;
-Кумтөрдө келтирилген 3 млрд 86 млн доллар алардын экологиялык зыянын, өз чөнтөгүбүздөн төлөөгө макул болду; 
-Кыргыз өкмөтү менен Центерранын ортосундагы доолорду, соттошуларды токтотууга макул болду.

Эгер биз Кумтөр долбоорун тартып албай, улутташтырсак, канадалыктар эл аралык сотко кайрылуу укугунан ажырап, Кумтөр маселесин алар биздин жергиликтүү сот аркылуу чечкенге мажбур болмок. Аларды мурда 4 млрд 252 млн 800 миң доллар айыпка жыккан биздин жергиликтүү сот, алардын доосун канааттандырган күндө да, ушул бересени эске алып өкүм чыгармак. Ошондо утуш биз тарапка ооп, Кыргызалтындын 26,1 пайыз Центеррадагы үлүшү да сакталмак.

Канадалыктар бизге:
-былтыркы жыл үчүн 11 млн доллар;
-рекультивация иштери боюнча 53 млн доллар;
-кошумча 50 млн доллар;
жалпысынан 114 млн доллар төлөөгө макул болуп, өздөрү милдеттүү болгон экологиялык маселелердин баарын кыргыз өкмөтүнүн мойнуна илип койду. 

Айлана-чөйрө булганбас үчүн, уу заттардын калдыктарын сактоочу жайларды, ал жайларды Кумтөрдө жылып жаткан үйөр муздан, агып жаткан мөңгү суудан коргош үчүн, бекем тосмо жайларды курууну, келечекте өндүрүш калдыктарынан кайра алтын иргөө үчүн ал калдыктарды сактап туруучу жайларды биз эми өз чөнтөгүбүздөн каржылайбыз. Канадалыктардын ушундай сунушуна бүгүн макул болуп отурган С.Жапаров, учурунда Кумтөрдө экологиялык маселени калыбына келтирүү үчүн 180 млрд доллар каражат керек деп, канадалыктарды колдогон бийликке каршы күрөшүп жүргөн. Ошондуктан биз бүгүнкү Президент С.Жапаровду эмес, мурунку патриот С.Жапаровду колдойбуз.

Кыргыз өкмөтү доодон да, соттон да баш тартып, канадалыктардын милдетин кыргыз элинин мойнуна жүктөп салгандыктан, мунун артында жеке кызыкчылык болушу мүмкүн деген шек жаралууда. Мындай шекти учурунда канадалыктар Акаевге илештирсе, бүгүн эки Жапаровго илештирип коюшту. Бул шек жоюлбаса, өлкөдө саясый туруктуулук болбойт.

Аталган ажырашуу келишими 90 күндөн кийин күчүнө кирээрин эске алып, Кыргызстандын Бириккен Демократиялык кыймылы Кыргыз өкмөтүнөн бул келишимден баш тартууну, кыргыз парламентинен Кумтөр долбоорун улутташтырууну талап кылат. Бул биздин сунушубуз, ошондуктан сындаганды эле билет деп оппозицияны жалган күнөөлөбөгүлө – деп жазылган билдирүүдө.  

Эске сала кетсек, Кумтөр алтын кени негизинен Советтер Союзунун убагында 1978-жылы эле геологдор тарабынан изилденип табылган. Айрым маалыматтарга караганда бул кенди СССРдин бийлиги 2005-жылдары иштетүүнү пландаштырган.

Тилекке каршы солк этпеген Союз урагандан кийин экономикалык кризистин алдын алуу үчүн Кумтөр кенин иштетүү каралган. Кумтөр дүйнө жүзүндөгү жетинчи эң ири кендердин бирине кирет. Кендин запасы боюнча СССРдин аймагында үчүнчү орунда турат. 716 тонна алтын запасы бар кенди иштетүү боюнча инвесторлорду тартууда ошол учурдагы "Легендарлуу" парламенттин трибунасында бир топ талаш-тартыш пикирлер жаралганы эсибизде.

Андагы депутат Дастан Сарыгулов канадалык "Камеко" компаниясынын келишине ачыктан-ачык каршы чыгып, Жогорку Кеңеште англиялык компанияны жак таганы коомчулукка маалым. Айтор, канчалык кайчы пикирлер жаралбасын Кумтөр алтын кенин иштетүүгө Канаданын "Камеко" компаниясы ишеним алганын аргасыз моюнга алышыбыз керек.

Баса, 2012-жылы 3-октябрь күнү КРнын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров “Кумтөрдү дененсациялоо жолу менен Мамлекеттин менчигине өткөрүп, өзүбүз иштетели” деген демилге менен Ала-Тоо аянтында митинг өткөргөн. Митингдин жүрүшүндө Садыр Жапаров Кумтөрдөн 260 тонна алтын казылып алынып, учурда 1 тонна 400 кг алтын калганын жана экологияга олуттуу зыян келтиргенин айткан.

Митингдин жыйынтыгында К.Ташиев. Т.Мамытов жана Садыр Жапаров камакка алынып, 2013-жылдын 17-июнь күнү 2013-жылдын 23-мартында чыгарган өкүмүнө өзгөртүү киргизилип акталып чыккан. 

2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров көтөргөн “Кумтөр”, “Кулан көмүр”, “Мегаком”, “Сот реформасы” жөнүндөгү маселелер КР жарандарынын кызыкчылыгы үчүн болгон аракети катары таанылып, “ЖЫЛ АДАМЫ” деген номинацияга ээ болгон.

Тилекке каршы так ушул таптарда КР Президенти Садыр Жапаровдун Кумтөр тууралуу жарыясы көпчүлүктү бүдөмүк ойго салып, Акылбек Жапаров менен Эдил Байсаловдун Кумтөргө болгон тымызын аракеттери тууралуу шыбырт кептер айтылып жатат. Жогорку маалыматтарды эске алып КР президенти С.Жапаров Кумтөрдөгү ажырашуу келишимин 90 күндөн кийин күчүнө кирээрин эске алаар деген үмүт.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости