www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү автоунааны мыйзамсыз айдап кетүүгө шектелген жаран кармалды.

Ош ШИИБдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 10-июлуна караган түнү саат 05:30 чамасында милицияга Ош шаарынын А.Мамыров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган автоунааны белгисиз адамдар айдап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуядан кийин шаар аймагында «Перехват» атайын операциясы жарыяланып, издөө иш-чаралары башталган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Н.М. аттуу жаран кармалган. Анын айтымында, ал мас абалында автоунаанын эшиги ачык турганын жана ачкычы ичинде калганын пайдаланып, унааны айдап кеткен.

Тергөө маалыматтарына караганда, шектүү автоунаанын жүк бөлүгүндө болгон жалпы баасы 94 миң сомдук печенье азыктарын көчөдө жүргөн жарандарга таратып берген. Натыйжада ал далил буюмдарды жок кылып жиберген деп эсептелүүдө.

Андан соң автоунаа Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылынын көчөлөрүнүн биринен табылган. Шектүү унааны ошол жерге таштап кеткени аныкталган.

Аталган факты боюнча тиешелүү материалдар катталып, мыйзам чегинде тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жарандарды автоунааларды кароосуз калтырбоого жана ачкычтарын унаанын ичинде калтырбоого чакырды.

Последние новости