www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2026-жылдын июль айында бажы органдарынын инспектору К.у.Т. үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген товарларды текшерүүдө алардын иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрүн көрсөтпөстөн, текшерүү актысына товарлардын жарыяланган маалыматтарга шайкештиги тууралуу жалган маалыматтарды киргизген.

Мунун кесепетинен мамлекетке 5 млн 686 миң 218 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып тагылып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Последние новости