www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев №151 контурда жайгашкан жер тилкелерине байланыштуу маселелер боюнча жарандар менен жолугушуу өткөрдү. Ага укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда жарандар өздөрүнө таандык жер тилкелерине турак жай куруу мүмкүнчүлүгүн кароону өтүнүштү. Мэр жер тилкелерин алып коюу же жарандардын мамлекеттик актыларын жараксыз деп таануу маселеси күн тартибинде жок экенин белгиледи.

Маалыматка ылайык, №151 контурдагы жерлер учурда айыл чарба багытындагы аймак болуп эсептелет жана Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планында бул аймак үчүн функционалдык зоналаштыруу аныкталган эмес. Ошондуктан азыркы учурда турак жай курууга уруксат берилбейт.

Жыйынтыгында мэр Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына аталган аймак боюнча функционалдык зоналаштыруу боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды. Ошондой эле тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин жарандарды уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзбөөгө чакырды.

Последние новости