www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азияда турмушка чыккан аялдарга «качан төрөйсүң» деген суроолор көп берилгени менен, балалуу болууну аң-сезимдүү түрдө каалабагандар арбыган. Өзгөчө акыркы жылдары төрөгөндөн, эне болуудан баш тарткандар кескин өскөн. Аймакта мындай адамдардын так саны боюнча расмий статистика жок.

Алардын айрымдары балалуу болбоону жеке эркиндик, карьера, каржылык жана психологиялык даярдык менен байланыштырышат. Башкалары баланы тарбиялоо чоң жоопкерчилик экенин, ошондой эле согуш, климаттын өзгөрүшү жана экологиялык кризис сыяктуу факторлор келечекке тынчсызданууга себеп болуп жатканын айтышат.

Ошол эле учурда Борбор Азиянын салттуу коомдорунда аялдын негизги ролу эне болуу түшүнүгү акырындан четке сүрүлүп жатат. Адистердин пикиринде, азыркы ата-энелер балага сапаттуу билим, коопсуз жашоо жана жакшы шарт түзүүгө мурдагыдан көбүрөөк жоопкерчилик менен мамиле кылышат. Бул болсо айрым жаштарды ата-эне болуу чечимин кийинкиге жылдырууга же андан толук баш тартууга түртүүдө.

Последние новости