www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылы Кыргызстанда виртуалдык активдерди тейлөөчү компаниялар аркылуу дээрлик 2,73 триллион сом, же 30 миллиард долларга жакын каражат өткөн. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Операциялардын 94 пайыздан ашыгы криптовалюта соодасына эмес, санариптик активдерди кадимки акчага жана тескерисинче конвертациялоого туура келген.

Үч жыл ичинде лицензияланган виртуалдык актив алмаштыруучу компаниялардын саны 6дан 82ге жетип, 13 эсеге көбөйгөн.

Ал эми стейблкоиндерге кызыгуу да өсүүдө. Binance Research маалыматына ылайык, учурда колдонуучулардын 30 пайызы криптопортфелинин жарымынан көбүн стейблкоиндерде сактайт. 2020-жылы бул көрсөткүч болгону 4 пайыз болгон.

2025-жылдан бери улуттук валюталарга байланган стейблкоиндердин, анын ичинде KGSTнин, жалпы соода көлөмү 5 миллиард доллардан ашкан.

Последние новости