www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргыз бийлиги кырдаалдан чыгуу үчүн Адахан Мадумаровду 6 айга кара жумушка соттогондон башка аргасы жок калды», - деди бүгүн, 11-февралда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Кайып Шер.
- Адахан Мадумаровду чек ара чырына себеп болгон протоколду жокко чыгаруу үчүн камаганы жатабы?
- Чек араны Тажикстан менен делимитация демеркациялоо Кыргызстанга абдан керек. Тажикстанга дагы бизден көбүрөөк керек. Анткени Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан Автономиялуу району эгемендик деп кычап турган маал.
Бүгүн эртең Тажикстанда граждандык согуш чыгып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн Эмомали Рахмон элдин көңүлүн башка жакка буруп, Кыргызстан менен согуш чыгара албай убараланууда. Бүгүн эле Эмомали Рахмон минткен жок.
Атамбаевтин доорунан бери кыргыз тарапты миномёт менен аттырып келет. Себеби башкада. Тагыраагы 1990-жылдардын аягы Тоолуу бадахшандан кыргыздар жашаган 3 айылды Мургаб районундагы алтын, кызыл рубин, алмаз, брилиант чыккан жерин Кытайга Тажикстандын карызы үчүн Эмомали Рахмон берип койгон.
Тоолуу бадахшандыктар кыргыз туугандардын айылын берип салды деп чатак чыгарууда. Алар Мургаб кыргыздары менен биригип, Эмомалини согуп жатат. Эгемен болобуз дешип. Орусия Тажик позициясын колдоп жатат.
Эмомали Рахмон кыргыздарга согуш баштай албай кыйналып жаткан убарасы ошондо. Адахан Мадумаров кол койгон протоколго атайын басым кылып жатышканы дагы ошондон. Эми Кыргыз бийлиги ал кырдаалдан чыгуу үчүн Адахан Мадумаровду 6 айга кара жумушка соттогондон башка аргасы жок калды. Кийин тыңчыгандан кийин акталып алат.
Чынында Адаханды камаганга аргасыз кылган жагдай чек араны тактоодогу жүздөгөн сүйлөшүүлөрдүн бири эле. Анын кол койгон протоколу эч кандай күчкө ээ деле эмес.
Бирок, Тажиктердин ошол протоколдорго басым жасаганынын айынан кыргыз бийлиги ушул кадамга аргасыз барып жатышат окшойт.
Булак: NazarNews.kg