www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Акылбектин тигинтип алды-артын карабай «тантырап» салышы ага абийир алып келбес», - деди бүгүн, 26-июнда NazarNews маалымат агенттигине акын жана журналист Калдарбек Койлубайтегин.

 - Акылбек Жапаров вакцина албагандарга айлык бербөөнү сунуштады. Анын бул сунушун колдоого татыйбы же жокпу?

- Акылбек Жапаров мамлекеттик чиновник... Аны түшүнсө болот... Анын үстүнө ал актары, кызылдары, сарысы башкасы менен чогуу кайыкта сүзүүгө үлгүрүп, чөгүп кетпегендерден. Экинчиден, пандемиянын айланасында ушак-айың толтура. Вакцина мейли ал кытайдыкы, орустуку болсун, кепилдик берген жан жок. Мына ушундай шартта «чөнтөк кагуунун» устаты аталган Акылбектин тигинтип алды-артын карабай «тантырап» салышы ага абийир алып келбес. Вакцинага кепилдик бералышпай туруп, аны баары таңуулоо деле эртең кылмыш болуп чыкса, Акылбек жооп бермек беле. Ал дале суудан курук чыгат. Башкысы, пандемия бүгүн ар бир жанды кокодон алалек...

Көчөгө чыгып, элдин турушуна көз салбайбы... Коомдук унаалар толгон, базарлар толтура. бет кап кийгендер сейрек. Анан эле статистика майдандан келген суук кабарларга толгон... Жапаров неправ... «Сто раз неправ... Анткени, ал тагдырдын ыйгарым укугун алгандай мударис болбосун... Кумтөр боюнча тырмалан дедиби, тырманалансын. Ага да ошол Кумтөрдөн «шыбага бар. «Жапаров болсо Тажикстанга бир барам, бир барбаймын деп эмне кылып жатканын өзү да дурустап билбегендей сезилет», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости