www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз сотунун, балким тергөөсүнүн басып өткөн изи, тагыраагы, тарыхта биринчи жолу соттолуп жаткан шектүү соттун «өзүңүздү күнөөлүү деп эсептейсизби» деп берген акыркы соболуна «Ооба, күнөөмү мойнума алам!» деп акыркы сөзүн айтып, расмий мойнуна алышын каттады. Ооба, бул окуя биринчи жолу катталды.

Бирок, эмнегедир ага анчейин деле маани берилбей, демейдеги окуялардай кала берди. Кудум эле кыргыз сотторунда ар бир жараянда шектүүлөр күнөөлөрүн мойнуна расмий алышып жаткандай. Ушул өңүттөгү соболубузду журналист жана акын Калдарбек Койлубайтегинге узаттык.

- Граф Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык» эппопеясын жакшы билесиңер... Бирок канчалык көлөмдүү, толгон-токой кейипкерлеринин баардыгына карабастан, анын башы жана соңу бар. Атагы таш жарган «Манас атабыз тууралуу дүйнөгө таанымал эпос деле ошондой. Бирок, Райым миллион деген лакап атка конгон бажычынын икаясын «Азаттыктын» жылуу кучагында жүрүп, кийинчирээк ага талак айтканбы же бул ага талак айтканбы, айтоор ажырышып кеткендей таризде жүрүмүш эткен Али Токтакунов күндөп-түндөп сайрап, ырдап, төгүп айтып Гинесстин рекорддор китебине деле киргидей кылды окшойт.

Басса турса, уктаса-турса оозунда Райым... кудум эле ушул ысым маңдайына жазылбаса... шыйрагы сынчудан бетер, ал турсун ансыз дүйнө салчудай... жарык дүйнөдөгү жалгыз гана эрмеги сыңары сууга-бууга, терекке, чаң жолго, оңго-солго айтып жадатып деле бүттү окшойт. Кускуңду келтирип, аллергия кармалып жатканын көрсө да, билсе да апендидей жомогун кайра башынан баштайт десең... Же соңу болсо кана... Айтылуу жомокчу Андерсон деле таң бермек бул Алиге.

- Себеби бардыр да. Мисалга...

- Башкы бир себеби эле Атамбаевди жана анын куйруктарынын ысымдарын булгабай таза сактап калуудагы америкалык жөөттөрдүн куйтулугу эле. Чынында, жөөт аракет жемишин берип, бир катар жылдар бою ушул сериал уланып келет. Али Токтакунов канчалык актерлук кылбасын, баары дапдайын. Ал ошолордун колундагы эртең эле садага чабылчу куурчак. Өзү деле соп-сонун билет. Бирок улуу урматтуу БАКСтын алдында ал да алсыз.

Алинин жалганды ышкыртканы узун элдин учуна жеткени менен, Гэббельстин «Калпка канчалык эртерээк жан киргизип койсоң, ал ошончолук бат чындыктын бейнесине айланат» деп айтканы калетсиз болуп, Райым-миллион Кыргызстандагы жападан жалгыз коррупционерге айланды да калды. Кала берсе сотто калпы шалапайып калганда Токтакунов Прагага качып да кеткенин жашырбайлы.

Бирок, кечээки октябрь өкүрүп келегендеги тополоңдо ал кайрадан Атамбаевдердин колтугунда пайда болуп, садырчылардын келтегинен араң качып кутулганы бар. Эгерде ошондо кутум оңунан чыкканда Али КТРди басып жыгылмак экен деген сөз бар болчу.

Мына ушундай пастыкка алдырган неме калпынын салмагын соп-сонун билип туруп, кайрадан ошол калпына калпты кийдирип, эми митингге чыгып жерди тээп жатыптыр. Көрсө, сот өлкөдөгү коррупцияны жоюш үчүн Раимди ошондон ары тиякка жөнөтүп ийсе, Кыргызстанда коррупция түбүнөн жок болмок экен.

- Али кайра эле кечээки ааламда жок фактыларына таянып жатабы?

Албетте, эгерде өзү ошол фактыларды тапса бир жөн. АКШ тарапатан даярдалып «Азаттыктын» Прагадагы кеңсесине аткарууга түшүрүлүп, буйрук берилгенден кийин, аргаң канча, «шеф всегда прав!» дейсиң да турасың.

- Алинин көкүрөк каккан фактыларынын жаны жарым-жартылай болсо, эмнеге ошол өлүмсаактарынын жанын тирилтип албайт

- Биринчиден, Ташкенттеги базарчылардын 700 миллионун уурдаган деп какшайт. Эгерде чындап уурдаган болсо эбак эле ошол соодагерлер жеп коюшмак. Экинчиден, Алинин жомогундагы 700 миллион бюджеттин каражаты эмес, демек, анын Кыргызстанга таптакыр тиешеси жок. Ачык айтканда, бул болгону «подстава» болгон...

Бизде чындыкка караганда ушакка көбүрөөк ишенип калышпадыбы. Бүгүн деле 700 миллионду жеп салган, ири коррупционер деп жүрүшөт бир далайы. Бул жагынан Али кожоюндарынын ишеничин толугу менен актады. Ошон үчүн төшү түксүз баатырын алар митингге жөнөтүп, башы жок чабандеске айлантканы жатышат. Балким күчтүүрөөк чыкса, Клара Сооронкулованы алмаштырып, ушуну супер чыгаан кылышат.

- Бирок митингге чыкса антимитинг болот деген маалымат дагы бар да...

- Ооба, эми Райым Матраимовду да ачык колдойбуз деген күчтөр чыгышат окшойт. Али баштаган кыйкырчаактардын корккону да кудум ушул антимитинг. 8-октябрда тартышкан да митингдеги кубалоонун запкысын. 

- Деги митингде кайрадан Райым сериалдын уландысын сайрашабы же...

- Ооба эми ага сот сатылды, демократия өлдү. Кыргызстан коркунучута. Ушу сыяктуу келжирек сөздөр менен чыгышмакчы.

- Соттун өзүн таң калтырган Райым Матраимов мойунга алуудан чоочуган жокбу?

- Эми ички сезимин өзүнөн сураш керек да. Ансыз деле ал тууралуу калыс пикирде айтсаң, сен сатылгансың, абышкасын деп котур таштары менен койгулап киришет. Кызыгы, ошентип айтып жатышкандар өздөрү кимдир бирөөнүн куурчагы экенин жаап-жашырышып, мекенчилмин дегенинен кантели. Мисалы, мен Райымды тааныбайм, алыс-жакындан деле көргөн эмесмин. Бирок ушул сериал башталганда кызыгып, кара кылды как жарууга барганым бар. Болгону ушул.

Эң башкысы, кыргыз сотунда биринчилерден болуп Райым бажыдагы кылмышы боюнча күнөөсүн мойнуна алды. Сотто күнөөлүмүн деп айтты. Кана ким жана качан күнөөлүмүн деп айтты эле? Эч ким, мындан кийин деле айтышпайт. Баары күнөөлүү эмесмин деп келишкен жана ошентишет. Андай күнү кылмыш тоодон түшкөнбү деген собол чыга калат... Ошондо да билбейм, баары күнөөлүү болушу мүмкүн, болгону мен сүттөн акмын дешет. Эмне үчүн, анткени, баардык куйтулук буйрутма аркылуу жасалып келе жатпайбы. Ал басаңдабаса «то ли еще будет!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости