www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери көчөдө тоӊуп калган адамды сактап калышты

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туристтик милициянын кызматкерлери тоӊуп калган адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

26-февраль күнү болжол менен саат 10:30 чамаларында Ысык-Көл ОИИБинин туристтик милициясынын кызматкерлери, бекитилип берген багытында кызмат өтөп жатышкан. Каракол шаарынын эс алуу багынан өтүп бара жаткан учурда алардын көӊүлү отургучта жаткан эркек адамга бурулат. Сырттагы абанын температурасы төмөн болуп, муздак шамал согуп турган. Ал эми жаткан адамдын кийимдери кыроо басып калганын көргөн милиция кызматкерлери жардамга муктаждыгын билишкен.

"Жаран көп убакыттан бери жатып тоңуп калгандыктан араң сүйлөп, манжаларын кыймылдатууга күчү жетпей калган. Ысык-Көл ОИИБинин туристтик взводунун инспекторлору Эламан Сагынбаев менен Берик Китатов жана Нурзада Иманбаевалар тоӊуп калган адамга биринчи жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. "Тез жардам" кызматы келгиче милиция кызматкерлери ага ысык чай берип, анын денесин тез жылып кетүүсүнө аракет көрүшкөн. Ага дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүп, милиция кызматкерлери менен бирге Кызыл жарым ай коомунун алдындагы жайга жеткиришкен", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости