www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Мыйзамдардагы өзгөртүүлөргө ылайык коммерциялык эмес уюмдар эми каржы булагы жөнүндө юстиция министрлигине да отчёт бере турган болбодубу. Муну менен бейөкмөт уюмдардын ишинде кандай өзгөрүүлөр болот?

- Негизи эле бейөкмөт уюмдар мурдатан эле донорлорго отчет берип келет. Өкмөткө салык төлөп, тийешелүү докуметтерди алып келген. Муну менен эч кандай деле өзгөрүү болбойт. Болгону дагы бир  документ чогултуу деген баш оору көбөйөт.

- Анда эмне себептен мындай талаптар коюлуп жатат?

- Бирөөгө талап койгондон мурун, өкмөткө түшкөн каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөп алышса болмок. Бюджетке түшкөн акчанын баарын эле уурдап жатышпайбы. Ал эми максаты эмне экени түшүнүксүз.

- Бейөкмөт уюмдар көбүнчө кайсы жактан каржыланат?

- Өкмөт кайсы жактан каржыланса, бейөкмөт уюмдар деле ошол жактанкаржыланат. Тактап айтсак, БУУ, “Сорос” фонду, ПРООН сыяктуу институттар.

Булак: Азия News гезити

Последние новости