www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курман айт намазы 20-июль күнү Бишкек шаарындагы жана өлкөдөгү бардык мечиттерде таңкы саат 07:00дө окулуп баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Айт намаздын программасы:

07:00-07:20 — муфтий Замир кары Ракиевдин куттуктоосу жана баяндамасы;

07:20-07:30 — куттуктоолор;

07:30 — Айт намаз.

Эскертүү: Айт намазга барган ар бир жаран санитардык эрежелерди так сакташы керек:

• Бет кап тагынуу талап кылынат;

• Ар бир жаранга жайнамазын ала келүү сунушталат;

• Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метр аралык так сакталышы керек;

• Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

• Дааратты үйдөн алуу зарыл;

• Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандар мечиттерге барбашы керек;

• Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай, тарап кетүү сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости