www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Шайлоо жөнүндө мыйзамдардын өзгөрүшү жана анын таза шайлоого болгон таасири жөнүндө оюңузду билдирсеңиз?

- Президент сунуштап жаткан мыйзам болсо деле, аны депутаттар ойлонуп кабыл алыш керек. Анын кесепетинен эртең дагы революция болуп кетпегидей болуш керек. Элдеги нааразычылыктардын баары дал ушул шайлоо мыйзамдарынын бузулганынан келип чыккан.

Негизинен алганда, ЖКга депутаттар партия мененби же бир мандаттуу округдан келеби, анысы маанилүү эмес. Бул жерде акча маселесин таптакыр жокко чыгаруу керек. Антпесе, партиялык тизмеде деле, бир мандаттууда деле жалаң байлар келе берет.

Эгер партиянын ичинен конкреттүү бир адамга добуш бере тургандай система түзүлүп, акча берүүнү алып салса, ошондо туура болот. Эгер андай болсо партиялар дагы эл ичинде абройлуу, эмгеги сиңген адамдарды өз катарына чакыра баштайт. Ал эми акчасына ишенген, элди сатып алып көнгөн кандидаттар четтеп калмак.

Булак: Азия News гезити

Последние новости