www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-июнда "Чыңгыз Ордо" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү жана Шекер айылынын тургундары NazarNews маалымат агенттиги аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго Кайрылуу жолдоду:
Биздин кайрылуубуздун себеби, кыргызды дүйнөгө калем сабы менен тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени Шекер айылында 1978-жылы ачылган көргөзмө залы бар 1 гана штаттык бирдик айыл өкмөтү тарабынан каралган. Ушул күнгө чейин музей деген статусу жок, паспорту жок.
Жылына 3 миңге жакын Кыргызстандан, чет өлкөдөн, КМШ мамлекеттеринен туристтер келип кетип турушат. Баары таң калышат, себеби көп учурда жабык турат. "Эмне мамлекетиңер көңүл бурбайбы, ошол эле фото сүрөттөр турат эч бир жаңырган эмес", - дешип, сын-пикирлер жазылуучу китепчеге жазып кетишет. Эч бир тийиштүү мамлекеттик мекемелер көңүл бурушпайт.
Кыргызстан боюнча жүздөгөн инсандардын музейлери бар жана ачылган. Ушул Чыңгыз Айтматовдун райондук деңгээлдеги музейин ачууга өкмөттүн каражаты жетпей калганбы?
Азыркы коррупционерлерден кустуруп жаткан акча каражаттарынан ар бир жылга 950 миң сом бөлүп турса эле райондук деңгээлдеги музей статусуна ээ болот эле. Азыркы учурда райондук деңгээлдеги музей ачууга бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар, экспонаттар жетиштүү чогултулган, имараттар даяр. Сизден башка эч ким ачпайт, себеби баягы эле ар кандай шылтоолор.
Ошондуктан өзүңүз көзөмөлгө алып каржы жана маданият министриликтерине дайындап, райондук деңгээлдеги музейин ачтырып берүүңүздү суранабыз. Арбагы ыраазы болот эле.
"Чыңгыз Ордо" коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн жана Шекер айылынын тургундарынын атынан С.Исмантаев 0550 172502, 0700 172502
Булак: NazarNews.kg