www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калиевди кызматка Сариев алган

Свердлов райондук сотунда 7-августта Бишкек ЖЭБи боюнча соттук отурум болуп, мурунку премьер-министр Темир Сариев күбө катары суралды.

Сурак учурунда Айбек Калиев Сариевден «Улуттукэнергохолдингге» жетекчи катары ким дайындаганын тактады. Ал Сариевге:

«Мени Сапар Исаковдун кишиси деп айыптап жатышат. «Улуттукэнергохолдингге» жетекчи кылуу чечимин ким кабыл алды эле?» - деп суроо узатты. Сариев Калиевди аталган кызматка өзү кабыл алганын айтты. Ошондой эле Темир Сариев энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн ЖЭБди жаңылоо зарыл болгонун жана убакыттын өтүшү менен ЖЭБдеги жаңылоо иштерин жүргүзүүчү жалданма уюм туура тандалганына көзү жеткенин билдирди, деп "Фабула" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости