www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баягы “чөгөлөп жашабай, тик туруп качып кеткен” Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтуу үчүн учакка отурганын анын фанаттары саймедиреп жатышат. Бабановдун баркы кетип эл эбак эле ага “кол шилтеп” койгондуктан азыр аны күтүп жаткан бир жан жок.
Кечээ эле өлкөдө оор кырдаал түзүлүп айтылуу АШАнын “кашасы чыгып” камакка алынып тартип сакчылары кырдаалды жөнгө салып жатканда БӨТтүн келмей болуп жатканы, анын оюнун жамандыгын далилдеп турат. Кыязы, парламенттеги “алып-сатарлары” аркылуу Премьер-министрлик кызматты “мээлеп” жаткан көрүнөт.
УКМК болсо качкын олигархка бере турган суроолорунун узун тизмесин түзүп жатса керек. Анткени БОТтун үстүнөн эки кылмыш иши “ Шералынын чокоюндай” эле “илинип “ турат да.
Бабановдун Кыргызстанга келишин Мурат Соорбеков тастыктап, "алгач Бабанов өлкөгө кирип келиши менен үйүнө барып андан кийин мыйзам чегинде суракка барат", деп билдирди.
Булак: NazarNews.kg