www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СДПК партиясынын катарында, бир кездери Ысык-Көлдү курутуп келген Мирбек Асанакунов деген «колу туткак» бирөө бар. Аялы Гүлүкан Молдобаева азыр Жогорку Кеңеште аталган партиядан депутат, ал турай парламенттеги бакыйган бир комитетти дагы башкарат. Эми анын башы жетип, колунан келсе берилген кызматты аркалай берсин. Таңгөрү, алардын Бишкектеги каз катар тизилген сауналарындагы “сайранкандарды” жеңдеп койгонго, аткаруучу бийликтин алы жетпей жатканы гана өкүнүчтүү. Бул эми айтылбай турган сөз эле, кеп арасында чыга калды.
Айталы дегенибиз, Ысык-Көлдөгү КР өкмөтүнүн өкүлү катары облустту башкарып жатып, өнүктүрүү фондусун тазалай коюп кызматынан куулган Мирбек Асанакуновду көлдүктөр унута элек. Анткен менен баягы эле бийликтин СДПК партиясын жандагандарга ок да, сөз дагы жетпейт эмеспи. Анын сыңары Мирбек мырзага козголгон кылмыш иш жым-жым болуп, дымы чыкпай калды эле. Эми анысын убакыттын өтүшү менен унуткарып, Асанакуновго кайра эле майлуу- сүттүү орунду тартуулашты. Тагыраагы «колу туткак» неме, мурдагыдан дагы көбүрөөк жесин дешсе керек, жакында Кыргызстандын Профсоюздар Федерациясынын башчылыгына шайланды. Деги сууга салса чекпеген, отко салса күйбөгөн бул Мирбек Аскеровичтин тумшугунан “пок” кетпеген жолдуу неме экен. Качан ага козголгон иш акырына чыгып, тиешелүү жазасын алат? Ошончолук эле Атамбаев паракорлордон тазалангысы келсе ушул өндүү өзүнө көлөкө түшүргөн СДПКдагы өз адамдардан тазаланса болмок. Башкаларга үлгү кылып. Аттиң…
Булак: "Ачык саясат плюс"