www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камала Харрис жеңилгенин моюнга алды

АКШдагы президенттикке жарышта утулуп калган Камала Харрис шайлоонун жыйынтыгы ал күткөндөй болбосо да, аны кабыл алганын айтты.

"Ичиңиздерде кандай сезимдер болуп жатканын билем.. түшүнөм, бирок биз бул шайлоонун жыйынтыгын кабыл алышыбыз керек", – деди ал. 

Анын сөзүн угуу үчүн чогулган тарапташтарынын көбү көз жашын сүртүп отурду.

Камала Харрис тарапташтарын соортотуп, демократиялык баалуулуктар үчүн күрөш токтобой, жеңиш менен аяктай турганын убадалады. 

Ал Дональд Трамп менен сүйлөшкөнүн ырастап, аны жеңиши менен куттуктады.

"Биздин берилгендигибиз президентке эмес, Конституцияга", – деп кошумчалады Камала Харрис.

Вице-президент тарапташтарына кайрылып, демократия, аялдардын укуктары, мыйзам үстөмдүгү, адилеттүүлүк, укук жана эркиндик үчүн күрөштө эч качан багынбоого үндөдү. Ал "күрөш" деген сөздү 19 жолу колдонду. 

"Биз бул күрөштү урна, сот жана коомдук чөйрөдө улантабыз", – деди Харрис.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Республика партиясынан талапкер болгон Трамп жеңиш үчүн зарыл болгон 270 добуштук босогодон ашып өтүп, Демократтардан талапкер болгон Камала Харристи жеңип алды. 

Азырынча шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялана элек.

Последние новости