www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын натыйжалуу пайдаланууга багытталган тапшырмасын ишке ашыруу алкагында жалпы кубаттуулугу 1860 МВт болгон “Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу” долбоору боюнча пландалган иш-чаралар ырааттуу түрдө ишке ашырылууда.
Бул ири инфраструктуралык долбоор улуттук жана регионалдык деңгээлде стратегиялык мааниге ээ болуп, “кылым долбоору” катары бааланууда.
Учурда “Камбар-Ата-1 ГЭСти” куруу үчүн алдын ала даярдын иштери активдүү ишке ашырылууда. Анын катарын линия тартуу, шаарча куруу, көпүрө куруу, жол салуу ж.б. иштер толуктайт.
Бүгүнкү күнгө карата аткарылган негизги иштер:
* Бишкек–Ош автожолунун 318-чакырымынан Прорез №2ге чейинки жалпы узундугу 8,6 км болгон бетон автожол толугу менен бүткөрүлүп, объектти кабыл алуу иштери жүргүзүлүүдө;
* Прорез №2ден Камбар-Ата ГЭС-1 створана чейинки 4,7 км бетон автожолдун 4 км же 95% аткарылган;
* Транспорттук туннель ТТ-2 (126 м) боюнча бургулоо жана бетон иштери толугу менен аяктап, объект 100% кабыл алуу стадиясында;
* 110 кВ аба электр линиясы жана 110/6 кВ көмөк чордону: 11,5 км линия толук тартылып, 25 даана мамыча орнотулуп, көмөк чордондогу негизги иштер 90% аяктоодо ;
* 100 адамга эсептелген вахталык поселоктун (административдик корпус, жатакана, ашкана жана кошумча объекттер) курулушу 60–70% деңгээлде аткарылган;
* Нарын дарыясы аркылуу Камбар-Ата ГЭС-1дин оң жээгине өтүүчү көпүрөнүн 4 бетон тирөөчү толук бүткөрүлүп, узундугу 180 метрден ашык көпүрөнүн металл конструкцияларын монтаждоо иштери жүрүүдө, жалпы даярдык 50–60%;
* ТТ-2 транспорттук туннелинин эксплуатациялык мезгилдеги курулуш-монтаж иштеринин алкагында 1 387 метр бетон жол толук бүткөрүлүп, ички конструкциялык иштер улантылууда, жалпы даярдык 55–60%.
Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, калкты ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга, ошондой эле регионалдык энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.