www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолукту.
Маектин жүрүшүндө алар кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты. Соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле виза саясаты жаатында диалогду өнүктүрүүгө жана эки мамлекеттин жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгы боюнча тараптар үзгүлтүксүз байланыштарды сактоого өз ара кызыкдар экендигин билдирди жана эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө берилгендигин ырасташты.