www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11-февралында Бишкек шаарынын мэриясында «Үмүт үйү» карылар үйүнүн директоруна 2 020 311,73 сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу сертификатын тапшыруу аземи өттү.
Сертификатты Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков тапшырышты.
Мэр Айбек Джунушалиев бул окуя, мүлктү өз убагында камсыздандыруунун маанилүүлүгүн айкын көрсөтөрүн белгилеп, борбор калаанын коопсуздугун камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүсү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Бишкек шаарында 65 989 турак жай жана 49 308 транспорт каражаты, анын ичинде 2 337 муниципалдык транспорт бирдиги камсыздандырылган. Мындан тышкары, 587 муниципалдык объект толук камсыздандыруу коргоосу менен камсыздалган.
Ошондой эле борбор калаанын башчысынын тапшырмасына ылайык, муниципалдык мүлктүн сакталышын камсыз кылуу, каржылык тобокелдиктерди азайтуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында Бишкек шаарынын социалдык өнүгүү системасына кирген бардык мекемелер «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКсында камсыздандырылган. Алардын катарында улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекеме «Үмүт үйү» да бар.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 6-январында мекеменин өзүнчө жайгашкан имаратындагы паллиативдик бөлүмдүн палатасында өрт чыгып, анын кесепетинен эки адам каза болгон. «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемеси 2023-жылдын апрелинен тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү департаментинин карамагындагы мекеме болуп саналат жана 18 жаштан жогору улгайган жарандарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтөт.
