www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камбар-Ата-1 ГЭСинин даярдоо этабынын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Электр энергетикалык кеңешинин 62-жыйынында билдирди.

Анын айтымында, унаа жолун, көмөкчордондун, электр линиясынын, тоннелдердин, көпүрөлөрдүн жана куруучулардын конуштарынын курулушу бүткөрүлдү.

Белгиленгендей, Камбар-Ата-1 ГЭСинин жалпы долбоордук кубаттуулугу 1 миң 860 МВтка жетип, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат

Эскерте кетсек, өткөн жылы 8-июнда президент Садыр Жапаров тарабынан Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоого старт берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости