www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камбоджада 6 тонна баңгизат элдин көзүнчө өрттөлдү

Камбоджада бийлик 6 тоннага жеткен баңгизатты жана аны өндүрүү үчүн колдонулган химикатты эл алдында өрттөдү. Бул иш-чара баңгизатка каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк күнгө арналып уюштурулган.

Өлкөнүн борбор шаарындагы аянтта өткөн иш-чарага ички иштер министри катышты. Анын айтымында, өрт коюлган заттардын ичинде героин, кокаин, метамфетамин, экстаз жана башка тыюу салынган баңги каражаттары бар. Ошондой эле, дагы 336 тонна химикат калганы маалымдалып, аны коопсуз өрттөөгө мүмкүн эместиги айтылды. Учурда тийиштүү орган аны эффективдүү жок кылуунунт жолун изилдеп жатат.

Камбоджанын мыйзамы боюнча 80 граммдан көп баңгизат менен кармалган адам өмүр бою эркинен ажыратылат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости