www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чыгыштын сулуусу” атка конгон Орусиялык ажарлуу ырчы айым Зара жеке жашоосундагы кыйынчылыктары, экс жолдошу Сергей Матвиенко тууралуу ачык маек берди.
- Зара, турмушка эрте чыккансыңбы?
- Жыйырма жашымда чыккам. 2004-жыл болчу.
- Жолдошуң ошол кезде Санкт-Петербургдун губернатору болуп турган Валентина Матвиенконун уулу Сергей болгон...
- Ооба. Мен музыка менен жашап, ырчылык өнөр менен алек болоорумду түшүнгөн атам менин жанымда жердешим жолдош болуп туруусун каалаган эмес. Жердешиме турмушка чыксам, мени ырдатпай эле үйдө бала каратып камап коюшмак. Сергей менен таанышканымда ал мага абдан кам көрүп, жүрөгүмдү багындырып алган. Азербайжан улутундагы достору чыгыш кыздарына кандай кам көрүп, алардын колун кантип сурашты үйрөтүшкөн. Анан баарын биздин салт менен жасап ата-энемдин алдына апасы менен куда түшүп келип колумду сурашкан. Макулдугумду берип, баары ойдогудай жакшы болгон. Бирок, экөөбүз аз убакыт сүйлөшүп калдык окшойт... Реалдуу жашоо идеалдуу картинадан алыс экен. Үй-бүлө куруудан мурун көбүрөөк сүйлөшүп, жакындан билип алганыбыз оң болмок экен.
- Эмнеге?
- Чыгыштын кызын жубайлыкка эрте алууну жакындары сунушташкандыр билбейм. Сергей жашоосундагы чоң кадамды жакшы жасаган. Бул жагынан ал азамат. Бирок, биз кийинчерээк экөөбүз эки башка инсан экенибизди түшүндүк. Мен анын жашоо ритм-темпине жетишип көнө албай, үй-бүлөөлүк жашоодон көп нерсени башкача көрүп алыпмын.
- Үй-бүлөлүк жашооңду кандай элестетчү элең?
- Жыйырма жашка чыкканыма карабай ал кезде бала болгон экенмин. Мен жашоону билген эмесмин. Ар кандай кырдаалдарда өзүмдү кандай алып жүрүүнү түшүнбөдүм. Ал болсо үй-бүлөлүк турмушка даяр эмес болгон экен. Көбүрөөк эс алып, ойноп-күлүп жүрүүнү каалаган. Биз бул жагынан дал келише албай калдык.
- Ажырашканда кыйналдыңбы?
- Ажырашуу ошол кезде оор болсо, азыр туура чечим кылганымды түшүндүм. Андай кылбасам көпкө кыйналып калмакмын. Эрте турмушка чыкканыма өкүнгөм. Ошол кезде эч качан турмушка чыкпайм деп ойлогом.
- Ажырашуу эки тараптуу болгонбу?
- Ажырашуу тууралуу сөз болгону эсимде деле жок. Көңүл оорутуучу чечим болгон. Мен абдан кыйналгам, санаа тарткам, ойлонгом...
- Сергей сага үй же авто унаа калтырганбы?
- Бул тууралуу сөз да болгон эмес. Себеби, бир жылга жакын же бир нече ай гана бирге жашаганбыз. Чогуу алган мүлкүбүз, ортобузда наристе да болгон эмес. Ажыраштык ошону менен бүткөн баары.
- Андан соң көрүшүп, байланышып турчу белеңер?
- Жок. Ушул убакытка чейин жыйырма жылдан бери бир же эки ирет эле көрүштүк.
Булак: NazarNews.kg