www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка карагнда, иш сапардын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болот.
«Өкмөттөр аралык делегациялардын жыйыны 24-марттан 25-мартка чейин Ташкент шаарында өтөт. Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышат», - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы чек ара маселеси жакынкы аралыкта чечиле тургандыгы айтылган.
Булак: NazarNews.kg