www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бет кап тагынуу канча жылга созулушу мүмкүн?

Англиянын коомдук саламаттык сактоо департаментинин иммунизациялоо бөлүмүнүн жетекчиси Мэри Рамзи эл бир нече жылга чейин бет капты түшүрбөй тагынып, аралыкты сактоого туура келерин божомолдогон.

Анын айтымында, жер жүзүндөгү адамдар эмдөө жогорку жана жетиштүү деңгээлде жүргүзүлүп, ооругандардын саны азайгандан кийин гана бет каптан баш тарта алат.

«Жөнөкөй тил менен айтканда, бет капты биз мурдагыдай жай турмушка кайткыча түшүрбөй киебиз», — деген Рамзи.

Белгилей кетсек, буга чейин ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн экенин божомолдогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости