www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-2022-окуу жылында Беларустун жогорку окуу жайларында билим алууга кыргызстандыктарга 12 гранттык орун бөлүндү. Бул тууралуу Беларустун Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчконун айтымына таянып Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, элчи менен министр Алмазбек Бейшеналиев жолугуп, алар билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-беларус кызматташтыгынын перспективдүү маселелерин талкуулашкан.

«Учурда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бар. Анын алкагында эки мамлекеттин университеттеринде окуу үчүн жыл сайын 10го чейин гранттык орундар каралат. Бирок быйыл Беларусь кыргызстандыктарга дагы 12 гранттык орун бөлдү», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар IT адистиктери боюнча студенттерди биргеликте окутуу тууралуу кеп кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости